Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтүп жатат


"Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкек (архивдик сүрөт)
"Өлбөс полк" жүрүшү. Бишкек (архивдик сүрөт)

Бүгүн, 9-майда Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшү өтүп жатат. Катышуучулар Д.Асанов атындагы парктан "Өчпөс от" мемориалына чейин Жукеев-Пудовкин жана Ибраимов көчөлөрү менен басат. Бул жылы маршрут жолдор оңдолуп жатканына байланышуу өзгөргөн.

Кыргызстанда быйыл Жеңиш күнүнүн урматына "Өлбөс полк" бир канча шаарда өтө турганы белгилүү болгон. 2014-жылдан бери уюштурулган бул жүрүшкө былтыр гана уруксат берилген эмес.

"Өлбөс полк" жүрүшүнө буга чейин Кыргызстандын мурдагы президенттери, өкмөт башчылар, саясатчылар катышып келген. Быйыл да ага айрым кызмат адамдары бара турганы айтылган.

Экинчи дүйнөлүк согушта каза тапкан жакындарынын ( же согушка катышкан адамдардын) портретин көтөрүп көчөгө чыгуу Орусияда патриоттук маанайды бекемдөө үчүн ойлоп табылып, кийин постсоветтик бардык аймакка жайылган.

Акыркы жылдары "Өлбөс полкту" Кремлге байланыштырган маанай пайда болуп, жүрүш көптөгөн өлкөлөрдө Москванын Украинадагы аракеттерин колдоо катары кабыл алына баштады.

Коңшу Казакстан быйыл Алматы жана Семейден башка шаарларда коопсуздуктан улам бул жүрүштү өткөрүүгө уруксат берген жок.

Быйыл Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгы белгиленүүдө. Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров Кызыл аянттагы парадга катышуу үчүн Москвага учуп кетти. Кыргызстандын өзүндө Жеңиш күнү кечээ, 8-майда борбордо белгиленип, Ала Тоо аянтында аскердик парад өттү.

Расмий маалыматта, 1941-1945-жылы Экинчи дүйнөлүк согушка 360 миңдей кыргызстандык катышкан. Алардын ичинен 130 миңден ашыгы курман болуп, 150 миңдей жоокер орден-медалдар менен сыйланган. 21 адам "Даңк" орденин алса, 74 жоокер Советтер Союзунун баатыры атанган. (ST)

Шерине

XS
SM
MD
LG