Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

АКШдан келген дарыгер, орусиялык астролог. Карим Масимов кимге таянган?


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Австриялык Freedom for Eurasia уюму Казакстандын мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин экс-төрагасы Карим Масимовдун кантип байыганы жана жыйган дүнүйөсүн эмнеге короткону жөнүндө 72 беттен турган изилдөө жарыялады.

Баяндамада Масимовдун ортомчунун жардамы менен "Казактелекомдун" акциясына ээлик кылганы, Казакстандын элчилиги аркылуу Наполеондун каттарын сатып алганы, АКШдан бир топ дарыгер чакыртканы жана орусиялык белгилүү астрологго кайрылганы айтылат. "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттери баяндаманын авторун кепке тартты.

"Наполеон комплекси. Казакстандын премьер-министри Карим Масимовдун жемкорлугу" деп аталган салмактуу изилдөө беш бөлүмдөн турат. Изилдөөдө коңшу өлкөдөгү таасирдүү аткаминердин Айгүл Нуриева аттуу жарандын жардамы менен "Казактелекомдун" акциясына кантип ээлик кылганы айтылат. Бул тууралуу маалымат буга чейин да жарыяланган. Ал эми Freedom for Eurasia муну документтер менен далилдей алганын белгилейт.

Изилдөөчүлөр ошондой эле Масимов Нуриева аркылуу швециялык Telia телекоммуникация компаниясынан ондогон миллион доллар пара алганын жазышат. Мындан тышкары экс-чиновник 97 500 еврого Наполеон Бонапарттын кол менен жазган үч катын сатып алып, аны Казакстандын Франциядагы элчилиги аркылуу алдырткан. Ошондой эле АКШдан бир топ дарыгер Казакстанга атайын келип, Масимовду дарылаган. Бейтап ал кызматка 313 миң доллар короткон.

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин тушунда зоболосу бийиктеген, Элбашыны эң ишенимдүү адамы саналган Карим Масимов орусиялык астролог Павел Глобанын кызматын колдонгону да аныкталды. Баяндаманын авторлору астрологго "сыйкырдуу" жөндөмү үчүн 200 миң доллар төлөнгөнүнө токтолушат.

Ошондой эле Масимовдун үй-бүлөсү чет өлкөдөгү саякатка жүз миңдеген доллар короткону, аткаминердин Франциянын Airbus компаниясы менен коррупциялык жаңжалга тиешеси бар экени жана арам акчаны адалдоого аракет кылганы айтылат.

Изилдөөнүн авторлору Батыштагы өкмөттөрдү Масимов сыяктуу жемкорлукка аралашкан аткаминерлерди "кара тизмеге" киргизүүгө чакырат.

Карим Масимов жана Каңтар окуясы

Коңшу өлкөнүн бийлиги Масимовду 2022-жылкы Январь окуясынын башкы уюштуруучусу деп мүнөздөйт. Кеминде 238 адамдын каны төгүлгөн тополоңдо Масимов Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетин жетектеп турган. Экс-төрага дароо камалып, "мамлекетке чыккынчылык кылды", "бийликти басып алууга аракет кылды" жана "кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланды" деген айыптар менен 18 жылга соттолгон. Сот процесси жабык өтүп, иш материалдары купуя сакталган. Кийин Масимовго "кылмыш жолу менен алынган мүлктү мыйзамдаштыруу" жана өтө ири өлчөмдө пара алуу" боюнча иш козголгон.

Январь окуясынын үч жылдыгынын алдында мамлекеттик "Жибек жолу" каналы Масимовду "чет өлкөлүк агент жана сырттагы шектүү түзүмдөр менен байланышта болгон" деп билдирген. Ал камакта отурганда экс-президент Назарбаев журналисттерге "Масимов менен көп жыл иштешсем да анын чыккынчы экенин билген эмесмин" деп кыйыткан.

Январь, 2022: Кандуу каргашага мурдагы башкы чекист Масимов күнөөлүүбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:15 0:00

Буга чейин "Кайтарылган активдерди башкаруу компаниясы" Масимовдун Астананын Нура районунда жайгашкан ак сарай аукционго койгон. Бирок ал белгиленгендей 1,8 миллиард теңгеге сатылган эмес. Жакында ал турак жай шаардык администрацияга социалдык объект катары пайдаланууга берилди. Өткөн жайда Масимов Токаевге кат жазып, ырайым сураган. Бирок президент кечирим берген эмес. Казак мыйзам боюнча ырайым суроо үчүн айыпты моюнга алуу шарт эмес. Ошондуктан саясатчы коюлган айыптарды толук моюнга алабы же жокпу, белгисиз.

"Казакстандагы клептократиялык системанын чыныгы көрүнүшү"

Изилдөөдө айтылган көп маалымат буга чейин эле коомчулукка жарыяланган. Анын бир бөлүгүн Freedom for Eurasia уюму өзү чыгарган. "Азаттык" жаңы изилдөөнүн авторлорунун бири Томас Мейнге бир нече суроо узатты. Англиядагы Эксетер университетинин изилдөөчүсү Томас Мейн акыркы 12 жыл коррупцияны ашкерелөө менен алектенген Global Witness уюмунда иштеген.

– Бул изилдөөдөгү маанилүү маалымат деп эмнени баелгилейсиз?

Менин оюмча бул баяндама Казакстанда көп эле айтылып келген, бирок ага так далили жок "Масимов коррупционер болгон" деген шектенүүнү тастыктайт. Биз сунуштаган документтерде жемкорлук системасы кантип ишке ашканы так көрсөтүлгөн.

Отчеттогу эки чоң жаңылыктын бири – Масимов 2006 же 2007-жылдары аз да болсо "Казактелеком" компаниясынын түз акционери болгон. Демек, ал ошол кезде жөн гана ортомчу аркылуу эмес "Казактелекомдо" реалдуу үлүшү бар адам катары аракет кылган. Ошондой эле биз сүрөттөгөн дагы бир жагдай өтө шектүү акциялардын трансфери болду. Баалуу үлүштү сатууну Нуриева уюштуруп, андан түшкөн 25 миллион доллар Масимов менен "Нур Отан" партиясына берилген пара болушу мүмкүн.

Ушул эки маалымат – изилдөөнүн өзөгү. Башкача айтканда биз отчет аркылуу казакстандыктарга мурда эле маалым болгон иштерди так документтер менен тастыктоого аракет кылдык.

Масимов жана Назарбаев
Масимов жана Назарбаев

– Сиз Айгүл Нуриева казак бийлигинин "башкы прокси өкүлү" деп сыпаттап жатасыз. Ал жөн гана Масимовдун чет өлкөдөгү активдерин башкарган ишенимдүү кишиби же Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн байлыгын да башкарууга аралашканбы? Сиздер аны менен байланышып, суроо узата алдыңарбы?

– Нуриева мурдатан эле ортомчу болушу ыктымал деген шек бар. Баяндамада биз анын эмне иш жасаганы боюнча көп маалымат келтирдик. Азыр анын Британияда экенин билебиз, ага суроолорду жөнөттүк, бирок жооп берген жок. Отчетто жазылгандай, Масимов өкмөттө жогорку кызматта турганда коррупциялык схеманы дал Нуриева жүргүзүп турган. Ал Bodam BV компаниясы аркылуу "Казактелекомдо" үлүшкө ээ болгон. Масимовдун бул компанияда үлүшкө түздөн-түз ээ болгону аныкталды. Кийин ал расмий түрдө бул түзүмдөн чыккан, бирок анын тапшырмаларын Нуриева аткарууну уланткан. Масимов банк секторунда иштеп жүргөндө [Нуриева] менен таанышкан болушу мүмкүн деген шек бар. Ошондон бери алардын ынак мамилеси бекемделип, байланышы үзүлгөн эмес.

– Изилдөөдө Масимов Казакстандын Франциядагы элчилиги аркылуу Наполеон Бонапарттын кол менен жазган каттарын Астанага алдыртканы жазылган. Бул маалымат Kazaword электрондук каттарынан алынганбы? Ошол кезде Париждеги казак элчилигинде иштеген дипломаттардан же Масимовдун өз бийлигин аша чаап пайдаланганы жакындан билген чиновниктерден сурап, маалыматты өз алдынча текшерип көрдүңүздөрбү?

– Ооба, изилдөөдө колдонулган электрондук каттардын баарын отчеттун аягында шилтеме аркылуу көрсөттүк. Ар бир катты өзүнчө ачып көрүүгө болот. Ошол кезде Жан Галиев аттуу адам Франциядагы элчиликте иштеген. Ал Масимовдун үй-бүлөсүнүн жеке жардамчысы катары ошол каттарды Казакстанга жеткирүүгө көмөктөшкөн. Бул – Казакстандагы клептократиялык системанын чыныгы көрүнүшү. Батышта байлар коштоочу, айдоочу жалдаса Казакстанда бийликте тургандар мамлекеттик кызматкерлерди жеке иштерине жумшай беришет. Биз Ербол Орынбаев, Жан Галиев (Казакстандын мурдагы вице-премьер-министри Ербол Орынбаев, Казакстандын Португалиядагы элчиси Жан Галиев – ред.) сыяктуу изилдөөдө аты аталган адамдарга суроолорду жөнөттүк. Бирок эч кимиси жооп берген жок. Жооп берүүгө мүмкүнчүлүк болсо да алар унчукпай коюуну туура көрүштү. Ал эми биз маалыматтын чын-төгүнүн аныктоого болгон күчүбүздү жумшадык.

– Отчеттогу негизги маалыматтардын бир бөлүгү – Эркин Амирханов аттуу адам берген документтер экен. Алардын ичинде банктык которуулар, ички каттар жана келишим долбоорлору бар. Бул документтер чындап эле түп нуска экенине кантип ынындыңыздар?

– Орундуу суроо. Амирханов азыр өзү иштеген "Эксимбанктагы" мурдагы өнөктөштөрүнө каршы соттошуп жатат. Ошондуктан анын күбөлүгүнөн шек саноо – орундуу. Бирок биздин ал жөнөткөн каттардын чындыгына көзүбүз жетти. Документтердеги маалыматтарды ачык булактардан текшерип көрдүк. Мисалы, ал бизге төлөмдөр тизмеси катталган Excel таблицасын жөнөттү. Анда аталган британдык компанияларды Британиянын Companies House базасынан текшерип, чынында алардын бардыгын аныктадык. Бул толук чындыкты далилдебесе да, биз мүмкүн болушунча тыкыр текшерүү жүргүзүүгө аракет кылдык.

Бул изилдөөдө мурда жарыяланбаган маалымат же документтер барбы?

– Масимовдун "Казактелекомго" түз акционер болгону – буга чейин так айтылбаган маалымат. Мурда Нуриева анын ортомчусу болгон деген гана шек болгон. Бирок ал андай сөздү четке кагып, өзүн көз карандысыз ишкер деп атаган. Биздин документтер алардын алкасынын алда канча терең экенин далилдейт. Атап айтканда, Нуриева 2006-жылы "Эксимбанкке" же ага тиешелүү компанияга ["Казактелекомдогу"] үлүшүн сатууга аракет кылган. Кийин "Казактелекомдогу" ошол үлүштү Клебанов алган. Бирок ошол 2006-жылы 25 миллион доллар которулганына карабастан, компаниядагы акция үлүшү башка кишиге өткөн эмес. Бул жагдай шектүү. Бул тууралуу буга чейин эч жерде жазылган эмес. Биз бардык документтерди тиркеме кылып койдук. Окурман документтерди өзү карап, жыйынтык чыгара алат.

– Батыш өлкөлөрү, атап айтканда Британия менен АКШ өкмөтү ар кандай далилдерге карабастан эмне үчүн эч кандай аракет көрбөй жатат?

– Бул жакшы суроо. Биз да баяндамада ушул суроого жооп издөөгө аракет кылдык. Албетте, Орусия Украинага басып киргенден кийин Батыш өлкөлөрү согушка тиешеси бар ресурстарга санкция киргизди. Президент Токаев мурдагы президенттин аркасы менен айрым адамдар байып кеткенин ачык айтып эле токтобой, Британия менен АКШдан казак өкмөтүнө ошол активдерди бөгөттөөгө жардам берүүгө кызыкдар экенин көрсөтүшү керек эле.

Албетте, биз бийликтин көшөгө артында эмне болуп жатканын билбейбиз. Бирок кээде [Батыш өлкөлөрүндө] "биз досторубузга санкция салбайбыз" деген көз караш бардай сезилет. Учурдагы казак өкмөтү үчүн Масимов дос эмес. Ал түрмөдө отурат. Ошондуктан анын жана ага байланышкан ортомчулардын активдерин текшерип, бөгөт коюу оңой болмок.

Францияда, Британияда же АКШда Масимовдун атында биз билбеген мүлк жана банк эсептери болушу мүмкүн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин эч кимге санкция салынбаганы өтө өкүнүчтүү. Ошондой эле биздин оюбузча [Батыш өлкөлөрүндө] Масимовго да, башка казак клептократтарына да эч кандай суроо-сопкут жок. Ачык булактарда андай маалымат табылбайт.

– Масимов Назарбаевдин эң жакын, ишенимдүү өнөктөштөрүнүн бири болгон. Аны соттоп, андан кийин анын бир тууганы Кайрат Сатыбалды да түрмөгө түшүп, кийин бошонду. Казак бийлиги эмне үчүн Назарбаевдин түз үй-бүлө мүчөлөрүнө, алардын шектүү байлыгын ачык-айкын текшерип, тергөө жүргүзбөй жатат деп ойлойсуз?

– Менимче, алар азыр да өтө таасирдүү. Алардын коргоосу да өтө күч. Балким алар коопсуздугун камсыздоо үчүн бир аз активин мамлекетке кайтарып бергендир. Мен да кесиптештерим менен Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнө байланыштуу изилдөө жүргүздүк. Мисалы, Дарига Назарбаеванын Британиядагы кыймылсыз мүлкүн карадык. Ал жакта да өтө шектүү акча которуулар аныкталды. Айрым активдер шектүү канчалык болсо да аларга коюлган ордер кийин сотто жокко чыгарылды. Бул шектенүүнү дагы күчөтөт. Дарига Назарбаевага тиешелүү активдер Казакстанда кылмышкер деп табылган Рахат Алиевге таандык болгонун элдин баары билет. Эмне үчүн ал активдер камакка алынган эмес? Британияда бул үй-бүлөнүн мүчөлөрүн коргой турган жогорку деңгээлдеги байланыштары бар окшойт.

Наполеондун катына, астрологдун төлгөсүнө төлөнгөн доллар. Масимов кантип байыган?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG