«Азаттык» Украинада уруш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктап чыкты.
АКШда президент Дональд Трампка жана Мамлекетти эффективдүү башкаруу департаментинин башчысы Илон Маскка каршы нааразылык акциялары өттү. Бул Трамп экинчи мөөнөткө шайлангандан берки эң ири жүрүш.