Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Бишкекте Жеңиш күнүнө карата аскердик парад өттү


Бишкек. 8-май, 2025-жыл
Бишкек. 8-май, 2025-жыл

Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында аскердик парад өттү.

Анда алгач аскерлердин жүрүшү болуп, андан кийин аскердик техника жана авиация көрсөтүлдү.

Иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана чет элдик дипломаттар катышты. Мурдагы президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, мурдагы өкмөт башчылар Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бабанов, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, согуштун ардагерлери отурду.

Президент Жапаров сөз сүйлөп: «Аталардын жасап кеткен чен-өлчөмсүз иштерин, ондогон миллион бейкүнөө адамдардын өмүрүн алган алааматтуу согуштун адам баласына тийгизген кесепеттерин урпактар эч качан унутпашы үчүн тынчтыктын, бейпилдиктин баасын-баркын билип жашоону кийинки муунга үйрөтүүгө милдеттүүбүз», - деди.

Былтыр парад 9-майда өткөн.

Быйыл 9-майда президент Жапаров Москвадагы парадга бара турганы кабарланган. Бийлик 9-майда Бишкекте да мааракелик иш-чаралар болорун билдирди.


Шерине

XS
SM
MD
LG