Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Орусиянын 100дөй танкери Британиянын санкциясына илинди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-майда Британия Орусиянын дагы 100дөй мунай танкерине санкция жарыялады. Британ өкмөтү тараткан маалыматта санкцияга туш болгон танкерлер Орусиянын "көмүскө флотунун" өзөгүн түзөрү жана алар 2024-жылдан бери 24 миллиард долларлык мунай ташыганы айтылат.

Маалыматка караганда, санкцияга Coral Energy Group компаниясын жетектеген Азербайжандын беш жараны Тахир Гараев, Ахмед Керимов, Анар Мадатли, Талат Сафаров жана Этибар Эйюб туш болду. Британиянын бул тизмесине орусиялык "Согласие", гонконгдук BX Energy жана Nord Axis Ltd, норвегиялык Romarine AS компаниялары да кирген. Алардын "көмүскө флотко" тиешеси бардыгы айтылды.

"Орусияга кысымды күчөтүү жана Украинада адилеттүү, туруктуу тынчтыкка жетишүү үчүн жасаган ар бир кадамыбыз Улуу Британиядагы коопсуздукка жана гүлдөп-өнүгүүгө карай дагы бир кадам. Орусиянын биздин улуттук коопсуздугубузга тийгизген коркунучун баалабай коюуга болбойт, ошондуктан биз көмүскө флотту жана анын согуштук машинесин мунай кирешелеринен жок кылуу жана деңиз астындагы инфратүзүмдү коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз", - деди премьер-министри Кир Стармер.

Санкциялардын негизги пакети “коркунучтуу көмүскө флотко” багытталганы белгиленди.

"Путиндин жанындагылар уюштурган көмүскө флоттун операциясы Кремлдин Украинадагы мыйзамсыз согушун каржылап, эскилиги жеткен кемелер Европада маанилүү улуттук инфратүзүмгө зыян келтирип жатканы белгилүү", - деп айтылат билдирүүдө.

Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан кийин Батыштын көпчүлүк өлкөлөрү Кремлден бул толук масштабдуу согушту токтотууну талап кылып, анын мүмкүнчүлүктөрүн чектөө максатында санкция жарыялашкан.(AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG