Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Кытай жана орус лидерлери жаңы дүйнөлүк тартипти коргоону талкуулашты


Си Цзинпин менен Владимир Путин. Москва, 8-май, 2025-жыл
Си Цзинпин менен Владимир Путин. Москва, 8-май, 2025-жыл

Бейшембиде орус президенти Владимир Путин менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кремлде жолугушту. Кытай лидери эки өлкөнүн «достугу болоттой бекем болууга» тийиш деп айтты. "Рейтер" кабар агенттиги маалымдагандай, жетекчилер Батыш менен тирешүү күчөгөн мезгилде кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө убада кылышты.

Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Путин менен Си өздөрүн АКШ "үстөмдүк кылбаган жаңы дүйнөлүк тартиптин коргоочулары" катары көрсөтүштү.

Си Цзиньпин 9-май - Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн ушул аптада Кремлдин чакыруусу менен Москвага чогулуп жаткан жыйырмадан ашык чет элдик лидерлердин эң таасирдүүсү.

"Рейтер" жазгандай, анын майрамдык иш-чараларга катышуусу чыңалган геосаясий кырдаалда, Орусия асыресе АКШнын кысымына туш болгон маалда Путинге дем берет.

Орус президентинин айтымында, эки лидер 2030-жылга чейин сооданын жана инвестициянын олуттуу өсүшүнө умтулат жана өз ара мамиленин бардык негизги элементтерин жеке көзөмөлгө алышат.

Бейшембиде эки өлкөнүн лидерлери алгач тар чөйрөдө, андан соң өкмөт мүчөлөрү жана ишкерлердин катышуусунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алар глобалдык коопсуздук, энергетика жана инвестиция маселелерин талкуулады. Жыйынтыгында инвестицияны өз ара коргоо боюнча жаңыланган макулдашууга кол коюлду.

Путин менен Цзиньпин ондогон жолу жолугуп, 2022-жылдын февраль айында Орусия Украинага толук масштабдуу кол салуунун алдында стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшкан. Бээжин Москванын эң ири соода өнөктөшү жана ага Батыштын экономикалык санкцияларынын кесепеттерин жеңүүгө жардам берип келет.


Шерине

XS
SM
MD
LG