Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвага барбай турганы кабарланды


Илхам Алиев.
Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвада Жеңиш күнүндө өтөт турган иш-чарага катышпайт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди.

"Тилекке каршы, Алиев келбей турган болду. Ал Гейдар Алиевге арналган иш-чараларга катышары кабарланды", - Ушаков.

Бир күн мурун орус президентинин жардамчысы Москвада 9-майда өтө турган парадга 29 өлкөнүн президенти катышарын, арасында Илхам Алиев бар экенин айткан.

Кремлдин маалыматына караганда, Кытайдын лидери Си Цзинпин Москвага келди. Сербиянын президенти Александр Вучич да барганы кабарланды.

25-декабрда Бакудан Грозныйга бет алган учак чечен башкалаасына коно албай, деңиздин аркы жээгиндеги Актауга баратып, шаардын жанында кулаган. Кырсыкта 38 киши каза тапкан.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылганын билдирген.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес.

Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгы белгиленет. Адаттагыдай бул ирет дагы Москванын Кызыл аянтында Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтөт. Майрамдык иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери жана Орусиянын бир катар өнөктөш өлкөлөрүнүн башчылары катышары күтүлүүдө.

Владимир Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу Украинадагы ок атышуу үч күнгө токтотуларын жарыялаган. Украин лидери Владимир Зеленский Кремлдин бул чечимин “шылдың” катары мүнөздөп, ок атышууну жок дегенде 30 күнгө эч кандай шартсыз токтотууну сунуштаган.

Соңку үч күн катары менен Москва шаары жана облусу дрон чабуулдарына туш болду. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG