Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Орусияда эки аэропорттун ишине убактылуу чектөө киргизилди


Иллюстрация
Иллюстрация

Росавиация 8-майда эртең менен Нижний Новгород жана Новокузнецк аэропортторуна убактылуу чектөө киргизилгенин жарыялады.

Мекеме Нижний Новгороддогу чектөөлөр коопсуздукка, ал эми Новокузнецкиде техникалык себептерден улам киргизилгенин түшүндүрдү.

Мындан тышкары Казан, Екатеринбург, Новосибирск шаарларына жөнөй турган аба каттамдар кармалууда.

Бүгүн эртең менен Росавиация коопсуздуктан улам чектөө кирген Иваново жана Ярославлдагы аба майдандары иштей баштаганын кабарлады.

Орусиянын Транспорт министрлиги билдиргендей, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү кырдаалдан улам акыркы эки күндөн бери иши чектелип жаткан орусиялык авиакомпаниялар бүгүн кечинде кадимки тартипте иштөөгө өтүшү керек.

7-майда Орусиянын ар кайсы аймактарында украин дрондорунун чабуулу тууралуу көп сандаган маалыматтар түшүп жатты. Дрон чабуулунан улам коопсуздук үчүн Москва жана башка шаарлардын аэропорттору ишин убактылуу токтотуп турду. 300дөн ашуун рейстер жокко чыгарылып, кийинкиге жылды же башка жактарга которулду. Бул жагдайдан миңдеген жүргүнчүлөр жабыр тартты.

Шаршембиде Бишкектин "Манас" эл аралык аэропортунан Москванын Домодедово аба майданына учкан авиакаттамдар да убактылуу токтотулуп, дээрлик 10 сааттан кийин кайра жанданды. (NT)


Шерине

XS
SM
MD
LG