Наполеондун катына, астрологдун төлгөсүнө төлөнгөн доллар. Масимов кантип байыган?
Австрияда жайгашкан «Евразия үчүн эркиндик» бейөкмөт уюму Карим Масимов Казакстандын премьер-министри болуп турганда ар кандай коррупциялык схемалар менен элдин эсебинен байыганы тууралуу кеңири баяндама жарыялады. Анда асыресе экс-премьердин Америкадан дарыгер чакыртып, Франциядан Наполеондун катын сатып алганы, Сингапурда эс алганы айтылат. Авторлор документтерге, расмий маалыматтарга жана булактарга таянышкан.
Шерине