Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Украин парламенти АКШ менен сейрек минералдар боюнча келишимди ратификациялады


Украин парламенти Рада
Украин парламенти Рада

Бейшембиде Жогорку Рада Украинанын АКШ менен түзүлгөн сейрек минералдар боюнча келишимин ратификациялады.

"РБК-Украина" басылмасынын маалыматында украин парламентинин 338 депутаты "макул" деп добуш берди. Украинанын экономика жана соода министринин орун басары Тарас Качка сейрек минералдар боюнча дагы эки кошумча келишим бар экенин бирок алар Жогорку Радага ратификация үчүн жиберилбей турганын билдирди.

30-апрелде АКШнын Каржы министрлиги Вашингтон менен Киев минералдык ресурстар боюнча келишимге кол коюшканын жарыялаган.

Каржы министри Скотт Бессент муну президент Дональд Трамптын талыкпаган аракети менен жетишилген тарыхый келишим десе, Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль Кайра куруу боюнча инвестициялык фонд 50/50 деген негизде түзүлүп жатканын жана “эки тарап тең добуш берүү укугуна ээ” экенин билдирген.

Шмыгалдын маалыматы боюнча, келишимде Украина тараптан эч кандай карыздык милдеттенмелер каралган эмес. Андан тышкары келишим өлкөнүн Евробиримдикке кошулуусуна тоскоол болбойт.

Март айында АКШ сунуш кылган келишимдин долбооруна украин тарап каршы пикир билдирген. Келишимдин алгачкы версиясына февраль айында кол коюлмак. Бул үчүн Украинанын президенти Владимир Зеленский Вашингтонго атайын барган. Бирок Ак үйдө эки президент кайым айтыша кетип, макулдашууга кол коюлбай калган.

Президент Трамп бул келишим АКШга акыркы үч жылда Украинага берген жардамын кайтарып алуу мүмкүнчүлүк түзөрүн жана ал өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болорун айтып келет. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG