Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

"Idel.Реалии": Украинада каза тапкан татарстандыктардын саны 5 миңге чукулдады


Украинада каза тапкан татарстандыкты акыркы сапарга узатуу.
Украинада каза тапкан татарстандыкты акыркы сапарга узатуу.

Украинадагы согушта каза тапкан Татарстандын тургундарынын саны 5000ге жакындап калды. Өлкөнүн коңшусу Башкыртстанда каза тапкандар көбүрөөк, 5500 адам.

Бул тууралуу "Idel.Реалии" өз изилдөөсүнө таянып билдирди.

Аталган редакциянын журналисттери татарстандык аскерлердин некрологдорун изилдеп, 4690 маркумдун аты-жөнүн такташкан.

Окко учкандардын айрымдары келишим менен кеткен жаштар болсо, айрымдары кайсы бир кылмышы үчүн соттолгондор болуп чыккан. Буга чейин "Медиазона" басылмасы Татарстанда абакта жатып согушка баргандардын 500ү окко учканын жарыялаган.

Апрель айында Би-Би-Би жана "Медиазона" басылмасы Украинага басып киргенден бери 103 миң орусиялык каза тапканын билдирген.

Журналисттер маалыматты ачык булактан, медиага чыккан некрологдордон жана бийликтин каза тапкандар тууралуу билдирүүсүнөн топтошот.

Жоготуулардын жарымын согушка чейин армияга байланышы болбогон адамдар түзөт (52%), 16% абактагылар, 12% мобилизация болгондор, 25% ыктыярчылар.

Изилдөөчүлөр чыныгы жоготуулар мындан да көп деп эсептешет. Басылма сурамжылоо жүргүзгөн адистер орусиялык көрүстөндөгү жана аскердик мемориалдарга жүргүзүлгөн анализдер, жарыяланган некрологдор реалдуу сандын 43 пайыздан 65 пайызга чейинкисин эле камтышы мүмкүн дешет.

Орусия жана Украина фронттогу реалдуу жоготуулары жөнүндө маалыматты жашыруун кармашат. Батыштын чалгынчылары Орусия тарапта дагы, Украина тарапта дагы жүздөгөн миң адам жарадар жана каза тапкан, айрыкча орусиялыктардын жоготуусу көбүрөөк дешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG