Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:29

Борбор Азия

бейшемби 1 Май 2025

Календарь
2025-ж., Май
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
28 29 30 1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31 1

Учурда бир нече кыргызстандык блогер Кытайда жүрөт. Алар Кытайдын жашоо-турмушун чагылдырып, видеолорду жарыялап жатышат. Кытайдын ички көрүнүшүн мындай ачык чагылдырылган учур буга чейин сейрек кездешчү. Эксперттер соңку убакта Бээжин дүйнөгө, айрыкча кошуна өлкөлөрүнө ачылып жатканын айтышууда.

Бир караган кишиге кыргызстандык блогерлерди кимдир бирөө уюштуруп, атайын иш-чара менен алып баргандай сезилет. Алар элдин жашоо-турмушун, соодасын, өндүрүшүн байма-бай чыгарып жүрүшөт.

Жарнамалык роликтери менен таанылган блогер Атакул Жалилов соңку учурда көбүнчө Кытайдын өндүрүшүн чыгарып, ар кандай завод-фабрикаларды көрсөтүп жатат. Ал сапарды өзү эле пландап барганын, алдыда Кытайдан товар ташып иштөө ниети бар экенин айтты.

“Кытайдан товар алып барып сатуу планым бир жыл мурун эле болгон. Бул жакта иштеген балдар менен байланышып, макулдашып жүрүп келдим. Блогерлердин баары эле өзүнүн жумушу менен келишти. Мисалы, Ыдырыс Исаков да үй-бүлөлүк бизнес кылсамбы, кийимдин баасы каерде кандай экен деп базарды изилдеп жүрөт. Азирет Осмонов жана башка автоблогерлер, байерлер да бизнестин артынан эле жүрүшөт.”, - деди Атакул Жалилов.

Кыргыз блогерлердин, ишкерлердин ушул маалда Кытайга агылып барганынын дагы бир себеби – Гуанчжоудогу Кантон көргөзмөсүнө байланыштуу. Кытайдын импорт жана экспорттук товарларынын ири көргөзмөсү катары белгилүү бул иш-чара 5-майга чейин уланат. Бирок бул көргөзмө кыргыз блогерлеринин арты менен быйыл кыргыз коомчулугуна көбүрөөк билинип жатат.

Кытайлык компаниялар менен кызматташып, кыргызстандык ишкерлер үчүн Кытайга турларды уюштурган Мурат Рахманов да учурда коңшу өлкөдө жүрөт. Ал Бээжиндин виза саясаты өзгөрүп, оңой болуп калганын айтып берди.

“Кытай бийлиги Борбор Азияга мамилесин жумшартып атат десек болот. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынып жатканы үчүн бул долбоордун алкагында жүрүп жаткан программалар да бар. Кытай виза берүүнү бир аз жеңилдетти. Мурдагыдай эмес, оңой эле берип калды. Ошол үчүн да бул жакка келген кыргыздар көбөйгөндөй байкалат”.

Америкалык атактуулар да Кытайда саякатта

Кытай эшигин бир эле кошуна өлкөлөрүнө эмес, Батыштагы атактууларды да чакырып, өлкөдөгү абал "медиа айтып жаткандай эмес" экенин далилдөөгө аракетин күчөткөндөй. Кытайдын АКШдагы элчиси Х социалдык түйүнүндөгү баракчасына апрель айында Кытайдагы мода жумалыгына катышуу үчүн америкалык белгилүү актёр, “Оскардын” эки жолку ээси Эдриан Броуди сүйүктүүсү Жоржина Чапман менен Кытайда болушканын жазды. Ал америкалык атактууларды “Кытайдын башка шаарларын саякаттоого” чакырган.

Мындан бир ай мурун дагы бир америкалык ютубер, 39 миллиондон ашык катталуучусу бар Даррен Уоткинс да Кытайга барып, сегиз бөлүктөн турган жалпы 45 сааттык түз эфир чыгарган. Ал жаңы курулуштарда, тарыхый, маданий жайларда болуп, баарын түз эфирде көрсөтүп турган. Кытайды чагылдыруунун бул жолу “жасалмалуулугу жок, баары кандай болсо ошондой” көрсөткөндөй элес калтырат. Жергиликтүү басылмалар анын келиши менен Кытайдын “Батышта медиадан берилген маалыматтардагыдай эмес, бөтөнчө экени билине баштады” деп жазып жатышты.

Кытайды жалаң жакшы жагынан көрсөткөн бул түз эфирлер кайсы тараптын демилгеси менен ишке ашканы белгисиз. Бирок Кытайга мындай удаа сапарлардын уюштурулуп жатышы Бээжиндин саясатынын жумшарып жатканын көрсөтөт.

Кытайда 12 жылдан бери жашап иштеген ишкер Максат Муктаров өлкөдө интернет соодасы, медиасы жана өндүрүшү ички рынокто күчтөнүп, эми ошол тармактар боюнча дүйнөгө ачылып жатканын айтууда.

“Кытай мурда жабык өлкө катары кабыл алынып, ичиндеги процесстер билинчү эмес. Жабык турган маалда ичинде көп өнүгүүлөр болду. Эми Кытайдын да тышкы саясаты өзгөрүп жатат. Мурда коопсуздукка маани берип, өзүн коргогон болсо, азыр дүйнөгө ачылып, өзүн тааныта баштады. Мындай өзгөрүүгө дүйнөдөгү саясий кырдаал да таасир берип жаткандай. Тарифтердин өзгөрүшү менен Кытай бир эле АКШ же Европанын базарын көздөбөй, бүткүл дүйнөгө ачылып жатат. Өлкөнү дүйнөгө ким таанытат дегенде, бул жумушту блогерлер, журналисттер, белгилүү адамдар кылат. Бул жаатта Бээжин кандайдыр бир жеңилдиктерди кылды окшойт. Мисалы, кыргызстандык журналист Ыдырыс Исаков Кызыл-Сууда, Үрүмчүдө эркин жүрөт. Мындай көрүнүш буга чейин эч болгон эмес. Азыр Кытайда ушундай тенденция башталды. Көргөзмөгө да дүйнөдөгү көптөгөн блогерлер чогулду. Мурда биз Кытай жөнүндө айтып берсек, көбү ишенчү эмес. Эми бул өлкөдөгү өзгөрүүлөр социалдык тармактарда байма-бай чыга баштады”.

"Кыргызстанда иштеген кытай медиалары да көп"

Кытай тышкы саясаттагы принциптерин өзгөртүп жатканы менен адам укугу, эркиндик боюнча Бээжинге айтылган сындар жокко чыга элек. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) маалыматына караганда, 2017-жылдан тартып ал жактагы саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлерине миллиондон ашуун уйгур, казак жана ислам динин тутунган башка улуттагы жарандар камалган. Эл аралык уюмдар Кытайдын мындай саясатын кескин сындап чыгышкан, бирок расмий Бээжин Шинжаңдагы саясатын “экстремизмге каршы күрөш”, ал эми саясий лагерлерди “кесиптик кайра даярдоо борборлору” деп атап келет. Жагдайды өз көзү менен көргүсү келген БУУнун жана Батыштын эксперттерин Бээжин бул аймакка жолотпойт.

Мындан улам кытай бийлиги тилин кыска кылган ушундай билдирүүлөр утур-утур талкууланып турган маалымат талаасын өзгөрүп, ачыктык менен өзүнө карата оң маанай жараткысы келип жатканын айткандар бар. Саясий серепчи Кубан Абдымен Кытайда дүйнөлүк социалдык тармактарга дале уруксат берилбей, чыккан контенттерге көзөмөл күч болгону үчүн муну толук ачыктык деп айтууга болбой турганын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстанда да Кытайдын бир канча медиасынын өкүлчүлүгү иштеп жатат. Маалымат айдыңында алар кескин таасир көрсөтпөгөнү менен Кытайга карата көз карашты өзгөртүү аракети бар экенин айтты.

“Бишкекте таасирдүү делген маалымат каражаттарынын өкүлчүлүктөрү ачылган. Анын ичинде Синьхуа агенттиги иштейт, “Женьмин жибао” гезитинин бул жактагы өкүлдөрү бар. Кыргызстандан, жалпы эле Борбор Азиядан маалыматтарды Кытайга тарата тургандай көп иштер жасалып жатканы талашсыз. Кытай өзүнө зыян бербеген, саясатына каршы кетпеген маалыматтарды чыгарганга аракет кылат. Ошондой эле алар Кытайдагы маалыматтарды да бул аймактарга чыгарып жүрөт. Кытайдын Кыргызстанда “Жибек жолу” маданий-өнүгүү деген гезити бар. Он жылдан ашык иштеп, туруктуу иш алып барган басылма катары белгилүү. Анын Шинжаңда, Бээжинде өкүлчүлүгү бар. Анын бул жактагы өкүлчүлүгүндө Кытайдан келген да кабарчылар иштейт. Алар маданий басылма деген менен, саясий-экономикалык жактан да эки мамлекеттин жакшы деңгээлге чыкканын көрсөткөнгө аракет кылат. Кытайдын Кыргызстанга көрсөтүп келген жардамын көрсөткөн макалаларды чыгарат”.

Бишкек Бээжин менен көп тармактуу кызматташкысы келет

Кытай визасын жеңилдеткенге чейин эле Борбор Азиянын виза берүүдө жеңилдиктетилген режимди киргизишкен. Бул аймактагы Өзбекстан, Казакстан, кийин Кыргызстан Кытайдын жарандарына - Гонконг жана Макаонун тургундарына визасыз кирүүгө уруксат берген.

Анда АКШ, Британия, Евробиримдиктин өлкөлөрүнө виза ачтырган кытай жарандары да Кыргызстанга бир жумалык мөөнөттө визасыз режим менен кире алары жазылган. Учурда мамлекеттик мекемелер анын механизмин даярдап жатышат. Туризм департаменти өлкөгө туристтерди тартууда Кытай боюнча чоң потенциал бар деп ишенет.

“2024-жылы Кытайдан 127 миң 956 адам келген. Ал эми 2023-жылы 70 миң 842 киши болгон. Ошондо былтыр келген туристтердин саны 56% өсүп жатат. Мындан тышкары Сиянь, Пекин, Үрүмчү, Ченду шаарларынан түз каттамдар менен туристтер көп келет. Туризм департаменти түз каттамдарды башка шаарлардан уюштуруу сунушу менен кытай тарапка кайрылып жатат. Кытайлыктар үчүн “Жибек жолу” биргелешкен маршруту боюнча саякаттоо кызыктуу. Алар бир келгенде Борбор Азиянын беш өлкөсүн көрүп кетүүгө кызыгат. Бул боюнча механизмдерди иштеп чыгып, тур компаниялар уюштуруп жатышат”, - деди Туризм департаментинин туруктуу өнүктүрүү жана эл аралык мамилелер боюнча бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Акжолова.

Быйыл февралда президент Садыр Жапаров Кытайга сапарында Кытай менен аймактык да, Кыргызстан менен да алакасы бекемделип жатканын белгилеген. Ал ар кайсы аймактарында эң кыска мөөнөттө завод-фабрикалар курулуп, биргелешкен ишканалар ачылып, соода, машина куруу, логистика, транспорт жана электрондук коммерция тармактарында долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалаган.

Айрым эксперттер Кытай менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда, документтерди эске алууда кылдат болууну эскертип келет.

2023-жылы май айында “Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо баарын камтыган ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө биргелешкен декларациясына” кол коюлган.

Эл аралык мунапыс (Amnesty International) уюмунун Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баянмадасы 29-апрелде жарык көрдү. Анда 2024-жыл Борбор Азиядагы адам укуктары жаатындагы абал дагы оор сыноого кептелгени белгиленген.

Эл аралык мунапыс уюмунун жаңы баяндамасында "адам укуктарына каршы болуп көрбөгөндөй аңчылык башталганы" белгиленет. Анда мындай көрүнүштөр акыркы 80 жылда кыйынчылык менен жетишилген теңдик, адилеттүүлүк жана ар-намыска коркунуч жаратып жатканы жазылган.

Борбор Азия чөлкөмүн алсак, укук коргоочулар белгилегендей, анча-мынча оң жылыштар байкалганы менен, региондогу лидерлер сөз эркиндигине, элдин эркин жыйынга чогулушуна жана бирикмелерге кысым көрсөтүүнү улантышууда. Ал эми репрессиялар, азчылыктарды басмырлоо жана кыйноолор кадимки көрүнүш катары кала жатканы жазылган.

Кыргызстан

Amnesty International уюмунун жаңы баяндамасында белгиленгендей, Кыргызстанда жарандык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана укук коргоочуларга кысым күчөдү. Эл аралык уюм таянган укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2024-жылдын тогуз айынын ичинде эле прокуратура журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге каршы 71ден ашык кылмыш ишин козгогон. Көп учурда "улут аралык кастыкты козутуу", "массалык башаламандыкка чакыруу", "конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү" беренелери колдонулган. Бирок укук коргоочулар бул иштердин көбү бийликти, коррупцияны, укук бузууларды жана социалдык адилетсиздикти сындаган материалдар менен байланыштуу болгонун белгилешет.

Темиров Live жана "Айт, айт десе долбоорлорунун кызматкерлерине каршы козголгон кылмыш иштери эл аралык коомчулуктун өзгөчө көңүлүн бурду.

Сот жыйынтыгында бул долбоорлордун директору Махабат Тажибек кызы жана кызматкери Азамат Ишенбеков беш жана алты жылга эркинен ажыратылды. (Ишенбековго жакында эле президент ырайым берип абактан чыккан)

Дагы эки кызматкер (алардын бири долбоордо мурда иштеп кеткен) үч жылдык пробация менен камактан бошотулду.

Жалпысынан бул иш боюнча 11 адам айыпталды, алардын жетөө акталган.

Ошол эле учурда, 2024-жылдын июль айында Кыргызстандын Жогорку соту "Клооп Медиа" фондун жоюу чечимин күчүндө калтырды.

"Кыргызстанда сөз эркиндиги оор мезгилди башынан өткөрүп жатат",– деп жазылат баяндамада.

Уюм ошондой эле жарандык коомдун абалына өзгөчө токтолуп, кырдаалды "өтө начарлап кеткен" деп сыпаттады.

2024-жылдын апрелинде президент Садыр Жапаров "Чет элдик өкүлдөр жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, чет элден каржыланган жана "саясий ишмердүүлүк" менен алектенген бардык бейөкмөт уюмдар атайын макам менен катталышы керек.

Бул мыйзам, Европа Кеңешинин Венеция комиссиясынын эксперттеринин айтымында, Кыргызстандын Конституциясына жана эл аралык милдеттенмелерине каршы келет.

Натыйжада, көптөгөн уюмдар өз ишин убактылуу токтотууга же ишмердүүлүгүн кескин кыскартууга мажбур болгон.

Amnesty International 2024-жылы Кыргызстанда аялдар менен кыздарга карата зомбулук жана үй-бүлөлүк зомбулук кеңири жайылган бойдон калганын, кылмышкерлер көбүнчө жазасыз калып жатканын эскертет.

Январь айынан октябрга чейин милиция 14 293 үй-бүлөлүк зомбулук фактысын каттаган.

Бул 2023-жылга салыштырмалуу 37% көп.

2024-жылдын августунда президент зордуктоо жана сексуалдык ыдык көрсөтүүлөр боюнча иштерде тараптардын элдешүүсүнө жол бербей турган мыйзамга кол койгон. Бирок үй-бүлөлүк зомбулук административдик укук бузуу категориясында калууда. Мындай иштерде болгону айып пул же жети суткага чейин камак жазасы колдонулат.

Amnesty International Кыргызстандын бийлигин репрессия толкунун токтотууга, адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга каршы келген мыйзамдарды жокко чыгарууга, пикир билдирүү жана тынч жыйын эркиндигин камсыз кылууга чакырууда. Болбосо, укук коргоочулардын айтымында Кыргызстан авторитардык башкаруу системасына толук кандуу өтүп кетүү коркунучунда турат.

Анда баяндамада белгиленгендей, адам укуктары эч кандай мааниге ээ болбой калышы мүмкүн.

Казакстан

Казакстанда былтыр кеминде 24 блогер, журналист жана активист саясий себептер менен соттолгон. Сөз эркиндигин чектөө өзгөчө жаз мезгилиндеги Казакстандын бир катар аймактарын сел каптаган учурунда байкалган.

Журналисттер жабыркаган аймактарга киргизилбей, ал эми өкмөттү сындаган жарандар куугунтукка кабылган. Amnesty International уюмунун баяндамасында журналист Раул Упоровдун иши мисал катары келтирилет. Ал Батыш Казакстан облусундагы суу ташкыны тууралуу кабарларды таратканы үчүн “майда бейбаштык” беренеси менен айыпталып, айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Эл аралык уюм ошондой эле ProTenge интернет-барагынын негиздөөчүсү Жамиля Маричеванын окуясын эске салат.

Ал “атайылап жалган маалымат таратууга” айыпталып, “Азаттык” радиосунун казак кызматын колдогон посттору үчүн куугунтукка алынган. Ошол маалда “Азаттыктын” журналисттери аккредитация ала албай жаткан болчу.

Уюм Казакстанда 2023-жылы кабыл алынган маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдарды да сынга алган. Аларга ылайык, онлайн ресурстарды милдеттүү түрдө каттоого алуу жана чет өлкөлүк журналисттерди аккредитациялоодон баш тартуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилген.

Amnesty International тынч жыйынга чыгуу эркиндиги да олуттуу чектелгенин белгилейт. Маселен, “Демократиялык тандоо” кыймылы (2018-жылы Астана соту экстремисттик деп тапкан) менен байланышы бар делген кине менен ондогон адам жоопкерчиликке тартылган.

Буга мисал катары журналист Думан Мухамедкаримдин ишин келтирилген. Ал “Демократиялык тандоо" кыймылына колдоо көрсөткөнү үчүн айыпталып, жети жылга эркинен ажыратылган. Буга анын чет өлкөдө бозгунда жүргөн Мухтар Аблязовдон маек алышы себеп болгон.

Митинг жана тынч жыйын эркиндиги дагы эле катуу көзөмөлдө. Мындай жыйындарга катышкандар айып пул төлөп же камакка алынат.

Эл аралык мунапыс уюму билдиргендей, Казакстанда 2022-жылдын башындагы Январь окуялары учурунда күч органдары тарабынан кыйноо жана зомбулук фактылары боюнча дагы деле канааттандырарлык иликтөөлөр жүргүзүлгөн эмес.

2024-жылдын башындагы расмий маалыматка ылайык, 2022-жылдан бери кыйноолор боюнча козголгон жүздөгөн иштер боюнча болгону 34 адам гана соттолгон.

Казакстанда үй-бүлөлүк зомбулук кеңири жайылган бойдон калууда. Amnesty International бул багыттагы көйгөйлөрдү мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин соту менен байланыштырды.

Ал аялын ур-токмокко алып, анын өлүмүнө себепкер болгону үчүн соттолгон.

Эл аралык мунапыс уюму укук коргоочу Дина Смаиловага карата куугунтукка да көңүл бурган. Улуттар Уюмунун атайын баяндамачысы анын абалына тынчсыздануусун билдирген. Смаилова быйыл апрелде Черногорияда камакка алынып, кийинчерээк бошотулган. Бирок анын бардык документтери конфискацияланган. Казакстан укук коргоочуга эл аралык издөө жарыялап, кайтарууну талап кылган.

Андан тышкары баяндамада Казакстанда качкындар менен мигранттардын, өзгөчө каракалпактардын укуктары бузулганы белгиленет.

Тажикстан

Amnesty International уюмунун баяндамасында Тажикстанда репрессиялар күч алып, адам укуктары басмырланып, экологиялык кырдаал начарлап жатканы айтылат. Айрым жакшы кадамдарга карабастан, жалпы кырдаал начар бойдон турат.

Жабык соттор жана себепсиз кармоолор кадимки көрүнүшкө айлангандай. Европа жана Орусиядан депортацияланган "Группа 24" уюмунун мүчөлөрү Билол Курбоналиев жана Сулаймон Жобиров экстремизм боюнча айыпталып, узак жылдарга эркинен ажыратылды. Бул уюмга Тажикстанда тыюу салынган.

Бир нече жогорку даражалуу саясатчы жана мурдагы аткаминер, алардын ичинде Саиджафар Усмонзода менен Хамрохон Зарифи, "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенди" деген айып менен кармалды. Бирок бул айыптоолорду ырастай турган эч кандай далилдер коомчулукка көрсөтүлгөн эмес.

2024-жылдын февраль айында бул чуулгандуу иш боюнча бардык айыпталуучулар узак мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Эл аралык уюмдардын чакырыктарына карабастан, 2024-жылы Тажикстанда пикир билдирүү эркиндигине болгон басым улантылды. Жарандык активисттер, журналисттер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү кысымга жана коркутууга кабылышты.

Шахбоз Шарифбек аскер комиссариатынын кызматкерлеринин аракеттерин сындаган видеону социалдык тармактарга жарыялаганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылды.

"Пайк" басылмасынын башкы редактору Ахмад Иброхим Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерине пара берүүгө аракеттенген, опузалаган жана экстремизмге аралашкан деген айыптар менен кармалып, соттолду.

Чет өлкөдө жүргөн журналисттер жана оппозициячыл активисттердин жакындарына жана туугандарына басым-кысым көрсөтүү улантылып жатат.

Эл аралык уюмдун баяндамасында айтылгандай, 2024-жылдын июнь айында Тажикстанда улуттук маданиятка жат деп эсептелген кийимдерге тыюу салган мыйзам күчүнө кирди.

2023-жылдын февралында БУУнун атайын баяндамачылары Тажикстанда акыркы жылдары 700дөн ашык бейөкмөт уюм жабылганына тынчсыздануусун билдиришкен.

Бирок бул билдирүүлөргө карабастан бийлик бейөкмөт уюмдарды жоюуну уланткан.

Ошол эле учурда Памирдеги этностук азчылыкка каршы басым жана репрессия уланууда. 2021-жылдагы нааразылык акцияларынан кийин 220дан ашуун памирлик жаран соттолгон.

Бийлик БУУнун Фаромуз Иргашев, Манучехр Холикназаров жана Хурсанд Мамадшоев аттуу памирлик укук коргоочуларды бошотуу боюнча кайрылууларын көңүлгө алган эмес.

2024-жылдын январь айында Тажикстанда аялдарга тыюу салынган кесиптердин тизмеси 334төн 194кө кыскартылган.

Ошондой эле өлкөдөгү абак жайларында кыйноо жана башка ырайымсыз мамилелер мурдагыдай эле кеңири тараган.

Камактагы адамдар репрессияга кабылуудан корккондуктан өтө сейрек даттанышат.

Түркмөнстан

Amnesty International уюмунун 2024-жылдагы баяндамасына ылайык, Түркмөнстанда сөз эркиндиги жана адам укуктары өтө катуу чектелүү бойдон калууда. Өлкө бийлиги маалымат агымын толук көзөмөлдөп, жарандык коомду басым алдында кармап, ар кандай пикир айтуу аракеттерин өлкө ичинде да, чет өлкөдө да жазалайт.

Сынчыл пикир айткан адамдар, айрыкча чет өлкөдө жүргөн активисттер жана журналисттер артынан куугунтукка кабылып, камакка алынып, коркутууга дуушар болушат.

Эл аралык мунапыс уюму укук коргоочу Мансур Мингелов жана блогер Мурат Душемов саясий жүйө менен соттолуп, азыркы тапта Лебап облусундагы түзөтүү колонияларында жаза өтөп жатышканын эске салат.

Мингелов 22 жылга, Душемов 4 жылга абакка кесилген. Алар укук бузуу фактыларын ачыкка чыгарууга аракет кылганы үчүн жаза алышкан. Уюм алардын кыйноо жана зомбулук боюнча арыздарына бийлик азыркыга чейин реакция кылбаганын белгилейт.

Ошондой эле Amnesty Түркияда жашап жаткан түркмөн активисти Дурсолтан Таганованын окуясын мисал келтирет.

Ал "Түркмөнстандын улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратты" деген айып менен Түркиядагы үйүндө кармалган. Кийинчерээк бошотулган, бирок анын мекенине мажбурлап кайтарылышы мүмкүн экени айтылып келет.

Бийлик активисттердин, көз карандысыз журналисттердин жана алардын туугандарынын чет өлкөгө чыгышына ар кандай тоскоолдуктарды жаратууда. Мисалы, адвокат Пыгамбергельды Аллабердыев Иранга дарыланууга бара жатып чек арадан кармалган. Ага сыртка чыгууга тыюу салынганы айтылган, бирок расмий документтер берилген эмес.

Интернет эркиндиги Түркмөнстанда катуу чектелген. Жүз миңдеген сайттар бөгөттөлгөн, интернеттин ылдамдыгы өтө жай. Ал эми баасы абдан жогору.

Укук коргоочулар өзгөчө көңүлдү Түркмөнстандагы аялдар жана кыздардын абалына бурушат. Баяндамада белгиленгендей, БУУнун аялдарга карата дискриминацияны жоюу комитети (CEDAW) өлкөдө гендердик зомбулуктун бардык түрлөрүнө каршы мыйзамдардын жоктугуна тынчсыздануусун билдирген.

Ошол эле учурда, 2024-жылдын март айында үй-бүлөлүк кодекске киргизилген өзгөртүүлөр сотторду ажырашуу учурунда жубайларды элдештирүүгө умтулууга милдеттендирет.

Өзбекстан

Amnesty International уюмунун баяндамасында 2024-жылы Өзбекстанда сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон мамлекеттик көзөмөл күчөгөнү белгиленет. Активисттер, блогерлер жана көз карандысыз журналисттер жарандардын укуктарын бузуу жана коррупция фактылары тууралуу жазганы үчүн саясий негизде куугунтукка кабылышты. Маселен, "Тажик үнү" басылмасынын кызматкери, тажик тилдүү журналист Салим Иномзода "коомдук коопсуздукка коркунуч жараткан материалдарды жайылтты" деген айып менен (Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 244.1-беренеси) кармалган.

2022-жылы Иномзода социалдык тармактарда тажик ырчысы Афзалшо Шодиевдин "Самарканд жана Бухара" деген ыры менен бөлүшкөн. Тергөөнүн маалыматы боюнча, бул ырда "диний мазмун жана сепаратизмдин белгилери" болгон. Ырда Самарканд "тажиктер менен перстердин мекени" деп сүрөттөлгөн.

2024-жылдын ноябрында кабыл алынган "Чет элдиктердин жана жарандыгы жоктордун макамы жөнүндө" мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен бийликке "Өзбекстандын аброюна, маданиятына, салт-санаасына же тарыхына зыян келтирген" чет өлкөлүктөрдү "жагымсыз" деп жарыялоо укугу берилди.

Эл аралык мунапыс уюму бул өзгөртүүлөр кыянаттык менен колдонулушу мүмкүн экенине тынчсызданат.

Баяндаманын дагы бир бөлүгүндө Берлинде жашаган укук коргоочу, "Өзбек-Герман укук форумунун" башчысы Умида Ниязова жана ферганалык журналист Шарифа Мадрахимованын окуясы белгиленет. Былтыр экөөнү Ферганадагы үйүнүн жанынан белгисиз эки адам коркутуп-үркүтүүгө аракет кылган. Алардын бири бийликчил блогер болгон жана Ниязованы "Өзбекстанга каршы маалыматтык чабуулдарды уюштурган" деп күнөөлөгөн.

Ошондой эле эл аралык укук коргоо уюмдары Өзбекстанда мыйзамдуу мониторинг жана отчёт берүү иштеринде улам көбөйгөн чектөөлөргө туш болуп жатканы белгиленет.

Баяндамада Нукус окуяларынан кийин каракалпак активисттери кысымга алынганы айтылат. 2024-жылдын февралында Жогорку сот "Алга Каракалпакстан" деп аталган каттоодон өтпөгөн оппозициялык партияны экстремисттик деп таап, ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Бул партия Каракалпакстандын эгемендүүлүгүн жактап келген.

Мындан тышкары, 30-майда сот Парахат Мусапбаровду ушул партиянын мүчөсү болгон деген шек менен алты жылга эркинен ажыратты. Ал күнөөсүн тергөө маалында кыйноо аркылуу моюнга алганын айтып, сотто четке каккан.

Amnesty International уюмунун баяндамасында Өзбекстанда кыйноо жана башка ырайымсыз мамиле көрүү учурлары кеңири таралган жана кадимки көрүнүш бойдон калганын белгилейт. Мындай мамиле каракалпак активисттерине карата кеңири колдонулган.

Баяндамада каракалпак активисти Даулетмурат Тажимуратовдун ишине өзгөчө көңүл бурулган. Ал 2022-жылкя Нукус окуяларынан кийин 16 жылга эркинен ажыратылган. Уюм бул иш саясий мүнөздө болуп, андагы айыптоолор жана өкүм териштирүүсүз жана кыйноо аркылуу алынган көрсөтмөлөрдүн негизинде чыгарылган деп эсептейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG