"Кыргызгидрометтин" билдиришинче, 5-майда күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.
Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;
Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;
Баткенде түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 20…25;
Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болот.
Шерине