АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Орусия өтө көп нерсени талап кылып жатканын 7-майда Вашингтондо өткөн иш-чарада айтты:
"Орусиялыктар жаңжалды жөнгө салууга кызыкдар эмес деп айта албайм. Учурда Орусия урушту токтотуу үчүн бир катар шарттардын аткарылышын, чегинүүлөргө барууну талап кылууда. Биздин пикирибизде алар өтө көп нерсени талап кылып жатат. Албетте, Украина да жаңжалдын бир тарабы катары сүйлөшүүлөрдө чоң роль ойнойт. Жаңжалды аяктоодо ийгиликке жетүүдө Украина эмнеге муктаж экенин сурашыбыз керек".
Вэнс сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтып, президент Дональд Трамп бул жаатта сезилерлик илгерилөө байкалбаса, ортомчулуктан баш тартарын эскерткенин кайталады.
4-майда NBC News телеканалына берген интервьюда америкалык лидер тынчтык макулдашуусуна жетишүү мүмкүн деп үмүттөнөрүн, бирок чыдамы түгөнүп баратканын айткан.
Буга чейин Трампка жакын сенатор Линдси Грэм 60тан ашуун сенатор Орусияга олуттуу санкция салуу боюнча мыйзам долбоорун колдогонун айткан.
Документте Орусиядан мунай, мунай заттарын, жаратылыш газын же уран импорттогон өлкөлөргө 500% тариф киргизүү каралууда.