6-майда АКШ жана йемендик хусилер ок атышууну токтотуу чечимине келди. Бул тууралуу тараптарга ортомчулук кылган Омандын тышкы иштер министри Бадр бин Хамад Аль Бусаиди билдирди.
Маалыматка караганда, эки өлкө ортосундагы тынчтык келишимде тараптар Кызыл деңиз жана Баб-эль-Мандеб кысыгында да бири-бирине чабуул жасабай турганы белгиленет. Оман тараткан маалыматта Йемендин Израил менен согуштук аракеттери тууралуу айтылган эмес.
Мунун алдында АКШ лидери Дональд Трамп Америка Кошмо Штаттары хусилерге чабуулду токтотконун жарыялаган.
"Хусилер согушту каалабай турганын билдиришти. Биз алардын бул чечимин сыйлайбыз жана чабуулдарды токтотобуз. Алар багынып беришти. Мындан ары биздин кемелерди жардырбай турганын айтышты", - деди Трамп.
Март айында Трамп хусилердин Кызыл деңиздеги кемелерине каршы чабуулдарына жооп катары аскердик операция башталганын жарыялаган.
18-апрелде Кошмо Штаттардын аскер күчтөрү Йемендин батыш жээгиндеги хусилер көзөмөлдөгөн Рас-Исса мунай портуна абадан сокку урган. Чабуулдан 20 адам каза болуп, 50дөн ашуун киши жараат алганы кабарланган.
Хусилердин кыймылы Йеменде 2014-жылкы ички жаңжал башталгандан бери өлкөнүн бир топ бөлүгүн көзөмөлдөп келет. 2023-жылдын ноябрынан бери алар Кызыл деңиздеги кемелерге ондогон ракета жана дрондон сокку урган.
Хусилер 2023-жылдан бери Газада Израил менен ХАМАС тобунун (АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) согушунда палестиналыктарды колдоо үчүн ушундай аракет көрүп жатканын билдиришкен. Алардын айтымында, чабуулдар Израил, АКШ же Британия менен байланышкан кемелерге гана багытталган. Бирок чабуулдарга бул өлкөлөргө тиешеси жок кемелер да бир нече жолу кабылган. (AiA)
Шерине