7-майда Бишкек-Москва каттамдары кармалып жатканындыктан убактылуу токтотулганын "Манас" эл аралык аэропорту кабарлады.
"Домодедово аэропортунан жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:30да уча турган YK960 каттамы аба мейкиндиги жабылганына байланыштуу уча элек. Ушул эле аэропортко уча турган YK883 рейси кармалып турат", - деп айтылат маалыматта.
"Манас" эл аралык аэропорту ушу тапта 130 жүргүнчү Москвага авиакаттамды күтүп жатканын жана алар тамак-аш менен камсыз болгонун билдирди.
Москванын "Шереметьево" аэропорту каттамдарды кабыл алып жатканы кабарланды.
Соңку күндөрү Москва облусу жана Москва шаары дрон чабуулуна кабылууда. Ушундан улам Орусиянын баш калаасындагы аба майдандарынын иши үзгүлтүккө учурап, авиакаттамдар кармалып жатканы маалым болду. (AiA)
Шерине