Билим берүү жана илим министрлиги укук коргоо органдары менен биргеликте Индия менен Пакистандын ортосундагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу бул өлкөлөрдөн Кыргызстанга келип окуп жаткан студенттердин арасында чыр-чатактын алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди.
Буга байланыштуу министрликтин буйругу чыгып, чет мамлекеттерден келген студенттерди окутуп жаткан мамлекеттик жана менчик жогорку окуу жайлардын жетекчилерине студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кандайдыр бир окуялар болсо ыкчам чара көрүү боюнча жумушчу топ түзүү тапшырмасы берилген.
29-апрелде ушул эле маселеге байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) демилгеси менен министрликтин имаратында чет элдик студенттерди окутуп жаткан окуу жайлардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүлгөн.
7-майга караган түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, “Синдур” деп аталган кампаниясынын алкагында тогуз жайды бутага алганын маалымдаган. Расмий Дели Индиянын куралдуу күчтөрү террористтик лагерлерге сокку урганын, Пакистандын бир да аскердик объектиси жабыр тартпаганын билдирген.
Пакистан Индиянын ракеталык чабуулунда сегиз киши мерт болгонун жарыялап, соккуну “согуш акты” деп атады.
Эки өлкөнүн алакасы 22-апрелде Индиянын Кашмир аймагында болгон окуядан кийин курчуду. Анда куралчан адамдар топтолгон элге ок чыгарып, 26 турист набыт болуп, 17 киши жараат алган. Индиянын өкмөтү бул окуяны теракт деп атаган. Расмий Дели Исламабадды теракт үчүн түздөн-түз айыптабаса да элге ок чыгаргандар “Пакистан менен байланышта” деп билдирген. Кол салган үч кишинин экөө Пакистандын жараны экени кабарланган.
Кыргызстан Индия менен Пакистан бири-бирине чабуул коюп, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжалдын башталышына тынчсыздануусун билдирип, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 70 миңден ашык чет элдик студент билим алат. Алардын арасында медициналык факультеттерде окуган Пакистандан, Индиядан келген студенттер көп. (BTo)
Шерине