Быйыл үч айда Орусияда каза болгон 18 кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилди.
Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин үч айдагы ишмердиги тууралуу маалыматта айтылат.
Ага ылайык, Орусиянын ар кайсы аймагындагы №13 түзөтүү мекемесинде кармалып турган 77 кыргызстандыкка жардам көрсөтүлгөн. Мындан тышкары элчиликтин жана консулдуктун кызматкерлери кыргызстандык жарандар катышкан кылмыш иштери боюнча 17 соттук процесске катышкан.
“Кыргызстандын алты жаранынын кылмыш жоопкерчилигин жеңилдетүүгө жана жоопкерчиликтен толук бошотууга көмөк көрсөтүлдү. Алты жарандын 624 миң рублдик маянасы өндүрүлүп берилди".
Мындан тышкары жалпы 45 миң 31 консулдук кызмат көрсөтүлгөнү, диаспоралар жана башка коомдук уюмдар менен 28 иш-чара уюштурулганы айтылат.
Орусиядагы жарандардан үч ай ичинде 521 кайрылуу түшкөн, былтыр ушул мөөнөттө кайрылгандар 258 болгон.
Быйыл жыл башынан баштап Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашкан.
5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри иштей баштаган. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет. Мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарын пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге тура албасы жана башка укуктары чектелери кабарланган.
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн акыркы маалыматында, Орусияда миграция мыйзамдарын, эрежелерин бузган деп шек саналып реестрге киргизилген кыргызстандыктардын саны 83 миңге жетти.
Шерине