Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 4-майда Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд өткөнүн билдирди.
Анда министрликке караштуу мекемелердин кызматкерлери Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынан Ананьевого чейин текшерген. Мыйзамсыз жайылган балык уулоочу торлор табылып, тазаланган. Жалпысынан 1500 чарчы метрлик 15 даана тор жок кылынганы белгилүү болду. Бул иш-чаранын максаты көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн, балык чарбасын коргоо экени маалыматта жазылган.
Министрлик рейддер дагы улантыларын билдирди.
Буга чейин Ысык-Көлдүн экологиялык абалы изилдене турганы кабарланган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги былтыр октябрда мыйзамсыз балык уулоо дагы эле токтобой жатканын билдирген.
2023-жылы июнь айында президент Садыр Жапаров көл булганып жатканын айтып, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган жана көлдү тазалоого тапшырма берген. Андан бери миңдеген метр тор, он миңдеген тонна акыр-чикир тазаланганы кабарланган.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген.
Шерине