Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

Нетаньяхунун Азербайжанга сапары болбой калды


Нетаньяху менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 2016-жылдагы жолугушуусу.
Нетаньяху менен Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин 2016-жылдагы жолугушуусу.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун 7-майдагы Азербайжанга сапары кийинкиге жылдырылды. Мындай чечим Газа тилкесине жаңы чабуулдарга даярданып жатканы жана Сириядагы кырдаалга байланыштуу Израил менен Түркиянын мамилеси кайрадан курчуп турган шартта кабыл алынды.

Нетаньяху 7-майда Бакуга барып, 11-майга чейин Азербайжанда болоору күтүлүп жаткан. Израил менен Азербайжан коргонуу жана энергетика тармактарында кызматташып, эки өлкөнүн өнөктөштүк мамилеси бар.

Ишемби күнү кечинде Израил премьер-министринин аппараты “Газа тилкеси менен Сириядагы окуяларга байланыштуу”, ошондой эле “саясий иш-чаралардын тыгыз графиги жана коопсуздук чараларынан” улам Нетаньяхунун сапары башка күндөргө жылдырылганын билдирди. Бирок кайсы даталарга жылганы айтылган жок.

3-майга караган түнү Израил армиясы Сириянын аймагына бир нече сокку урду. The Times of Israel басылмасы жазгандай, авиация аскердик объектилерди, кампаларды жана ракета системаларына тиешелүү инфраструктураны бутага алган.

Лондондо жайгашкан Сириялык байкоо борбору Израилдин ЦАХАЛ күчтөрү Сириядагы объектилерге 20 сокку урганын билдирди. Уюм бул чабуулду 2025-жылы ЦАХАЛ тарабынан Сирияга жасалган эң ири сокку деп мүнөздөдү.

Ушул жуманын башында Израил армиясы Дамасктын жанындагы президенттик сарайга жакын жерге сокку жасаган. Израилдин премьер-министри бул чабуул жаңы бийликке берилген сигнал экенин билдирип, Израил сириялык друздар жамаатына коркунуч жаралышына жол бербесин белгилеген. Друздар — негизинен Сириянын түштүгүндө жашаган этностук азчылык. Алар радикал исламчылардын коркутуусуна кабылып жатканын айтып чыгышкан. Түркия Сириядагы жаңы бийликти колдоп, Израилдин аракеттерин айыптоодо.


Шерине

XS
SM
MD
LG