"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору.
Сирияда өкмөттүк күчтөр менен бийликтен кулатылган президент Башар Асаддын тарапташтырынын төрт күнгө созулган кагылышуусунан миңдей киши набыт болду. Бул тууралуу укук коргоочулар тобу кабарлашты.
Бишкекте аялдар укугу үчүн тилектештик жүрүшү өттү. Бул жолу марш “Жаша аялзаты, жаша!”деген ураандын алдында уюштурулган. Жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышып, аялдардын эркиндигин камсыздоону, аларды зордук-зомбулуктан коргоону талап кылышты.
Төкмө акын кыз Нурайым Бактияр кызы “Азаттыкка” маек куруп, жеке чыгармачылыгы, максаттары, төкмөлүк өнөрдөгү сөз эркиндиги, акын кыздарга карата коомчулуктун мамилеси тууралуу айтып берди.
Бишкектеги №72 мектептеги токмоктон каза болгону кабарланган окуучунун өлүмүн шаардык милиция териштире баштады. Ал арада Оштун Кара-Суу районундагы мектепте да мушташ чыгып, 9-класттын окуучусу ооруканада көз жумду. Окуя катталган эки мектепте тең жетекчилери кызматтан алынганы белгилүү болду.
Калыс Жумадил "Көчөдөгү кагаздар" деген долбоор баштап, социалдык тармактан көптөгөн көрүүчү топтой баштады. Ал ак кагазга эки сап ырларды жазып, аларды шаар көчөлөрүнөн видеого түшүрүп, контент жасайт. Калыс жаштар арасында поэзияны кеңири жайылтуу үчүн ушундай заманбап ыкмалар керек деп эсептейт.
5-январь күнү Лейлек районунун Тажикстан менен чек аралаш Арка-2 айылында белгисиз зат жарылып, эки адам жараат алды.32 жаштагы келин 11 жаштагы кызы менен короосундагы эски темир-тезекти жыйнап жактанда жарылуу болгон. Алдын ала маалымат боюнча жарылган зат аскердик снаряд болушу мүмкүн.
Ырчы Аман Эсенбеков “Азаттыктын” студиясында жаңы жылдык ыр белек тартуулады. Жаш талант соңку убактарда “Арзуу”, “Кайыр кош”, “Эсиңдеби?” жана башка белгилүү ырларды аткарып, ыр сүйүүчүлөрүнүн көңүлүн буруп келе жатат. Ал кыргыз сахнасынан ордун таап, эл аралык сынактарда да өзүн сынагысы келет.
Грузияда шайлоочулар коллегиясы президенттикке 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини тандады. Ал үч чакырылышта депутат болгон. Батышка каршы, орусиячыл билдирүүлөрү менен белгилүү. АКШ, ЕБди "Грузияны Орусия менен кагылыштырууга кызыкдар" деп айыптаган. Шайлоо нааразылык акциясы менен коштолду.
"Интерньюстун" Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жыл сайын уюштуруп келаткан “Умтулуу-2024” медиа сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев Өзгөн айланма жолун куруу долбоорунан чыкканын билдирди. Бул тууралуу ал өзү 6-декабрда ЭлТР телеканалына берген маегинде айтып, мындай чечимге атасынын сунушу себеп болгонун тактаган.
Тбилисиде евроинтеграцияны жактап чыккан митингде 107 адам кармалганын ИИМ билдирди. 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.
Бишкектин Биринчи май райондук соту “алдамчылыкка” шектелип кармалган адвокат Самат Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырды. Чечимди райондук соттун судьясы Миран Шерматов кабыл алды. Матцаков соттун чечимин “мыйзамсыз” деп атап, апелляциялык арыз менен кайрыларын билдирди.
Кыргызстанда түрдүү жагдайда ата-энесинен айрылган балдардын саны 2800дөн ашат. Алардын 500гө чукулу атайын интернаттарда тарбияланат. 18ге толгондон кийин өспүрүмдөр кайда барарын, кимден жардам сурарын билбей кыйналат. "Азаттык" ата-энеден ажырап калган балдар жана алардын тагдырына кызыкты.
Бийликти сындап, бир жылдай абакта жатып чыккан жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин “Акын жана өкүм” аттуу жаңы китеби жарык көрдү. Бул эмгекте калемгердин 2023-2024-жылдар аралыгында абактан жазган поэмалар топтому камтылган.
Украина орус армиясы континенттер аралык ракеталар менен чабуул койгонун маалымдалды. Анын алдында украин куралдуу күчтөрү Орусиядагы аскердик буталарга Британия берген Storm Shadow жана америкалык ATACMS ракеталары менен атканы кабарланган.
Бишкекте №6 мектеп-гимназиясынын 11-классында окуган Дарья Попова 30-октябрда сабакка бараткан жолдо жоголуп, кечинде сөөгү шаар четинен табылган. Спорттун чебери, ачык-айрым Даша бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Аны өгөй атасы уурдап кетип, өмүрүн кыйган.
14-ноябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы СДПК партиясын Бишкек шаардык шайлоосунан четтетти. СДПКнын штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Турксевер кармалды. АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп Ак үйдө азыркы мамлекет башчы Жо Байден менен жолукту.
Тогуз жаштагы кызга сексуалдык ыдык көрсөттү деп шектелген жаранды 8 жылга кескен райондук соттун чечимин Чүй облустук соту күчүндө калтырды. Быйыл апрель айында жабыркаган кыздын энеси окуя тууралуу коомчулукка айтып чыккан. Ал үй-бүлө бул окуядан соң оор психологиялык басымга кабылганын билдирген.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 8-ноябрда диний ишмерлер менен "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады.
Чүйдүн Кайыңды шаарындагы кант заводго кызылча тапшырууга 200дөй жүк ташуучу автоунаа кезекте турат. Айдоочулар завод иши жай болуп, жолдо кезек сакталбай жатканына даттанууда.
Дагы жүктөңүз