"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору.
9-сентябрга караган түнү орус армиясы башкалаа Киев баш болгон Украинанын бир катар аймактарына абадан чабуул койду. Дрондордун көбү абадан атып түшүрүлгөнүн украин күчтөрү билдирди. Фронт тилкесине жакын Покровск багытында кармаш уалнууда.
Бишкекте эгемендик күнүнө жана Арстанбек, Токтогул, Барпы, Алымкул акындардын маарекелерине арналган эл аралык айтыш жыйынтыкталды.
Кыргызстанда эгемендик күнүн утурлай 100 объекттин ачылышы болду. Анын теңине жакыны өндүрүш ишканалары жана калганы социалдык жайлар. Президент Садыр Жапаров Кемин районунда “Терек-Таш” клинкер чыгаруу заводуна жана Ысык-Ата районунда цемент заводдуна старт берди.
Орусиянын паспортун алуу бир учурда борборазиялык мигранттарга жакшы маяна алууга, ылайыктуу жумуш табууга, социалдык колдоого, ашыкча текшерүүдөн кутулууга болгон аргасыздык эле. Эки жылдан бери миңдеген кыргыз мигрантты мекенине кайтып келип, кыргыз паспортун ала баштады.
Париж Олимпиадасында эркин күрөштөн 57 килограммга чейинки салмакта балбан Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты.
Олимпиада оюндарында кыргыз балбандары төрт медал утту. Ал арада атлеттерге түзүлгөн шарт, күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасында диетолог, психолог жоктугу тууралуу маселе көтөрүлдү. Жалпы жонунан беш спортчу килемге чыгып, төртөө олжолуу болду, дагы бирөө коло үчүн күч сынашат.
Улуу Үркүн деген ат менен тарыхта калган 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнө быйыл 108 жыл болду.
"Сахарово" борборунда кармалып чыккан кыргызстандык мигрант Аскар Ускенбаев Орусияда кыргызстандыктар кабылган кыйынчылыктар тууралуу "Азаттыкка" айтып берди.
АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун саясий лидери Исмаил Хания Иранда жок кылынды. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу анын өлүмү иликтенерин билдирди.
Бишкек-Ош жолунун Суусамыр өрөөнүндөгү тилкесинин тарпы чыгып, айдоочуларды кыйнап жатат. Суусамырдагы жол азабы тууралуу видеолор социалдык тармактарга да жарыяланууда. Кан жолдун жээгинде соода-сатык кылып, мал кармагандар дагы жолдогу кооптуу учурларга күбө болуп жатканын айтышты.
Дастанчы Улукбек Токтоболот уулу соңку кездери кенже эпосторду азыркы заман талабына ылайыктап өз вариантында иштеп чыгууда. Өнөр адамы учурда дастан уккан адамдардын катары калың экенин, алар өз сунуш-пикирлерин байма-бай билдирип турарын айтат.
Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө белгилүү кинорежиссер Геннадий Базаровго эстелик орнотулуп, эскерилди. Анда "Кыргыз кереметинин" жаратуучуларынын бири болгон Базаровдун эмгектери, устаттык ишмердиги жөнүндө сөз болду.
Бишкекте “Тез жардамдын” кызматкери сабалды деген окуя Ленин райондук милициясында тергеле баштады. 30-июнда социалдык тармакта көп кабаттуу үйдүн алдында эс учун жоготуп жаткан дарыгердин видеосу тараган. Алдын ала маалымат боюнча ал ошол үйгө чакыруу менен келген.
Доктор Камилла Уордроп Аллейн ракета куруу боюнча эң белгилүү адистердин бири. Ал NASAда дээрлик 30 жылдай иштеп, айга коно турчу ракеталардын экипаж отурчу бөлүгүн жасап келген. Ал Кыргызстанга келип, жаштар менен жолугуп, тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү.
Бишкекте СССРдин эл артисти, Кыргыз эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун жаңы эстелигинин ачылышы өттү. Атактуу актердун айкели “Ала-Тоо” кинотеатрынын чыгыш тарабына орнотулду.
74 жашында акка моюн сунган Эл жазуучусу Самсак Станалиевди акыркы сапарга узатышты. Кара сөз менен ырды, публицистика менен котормочулукту эриш-аркак ала жүргөн көп кырдуу талант, мээнеткеч жазуучу соңку кезде ооруп жүргөн.
Бишкекте экинчи ирет эл аралык кинофестиваль башталды. Анда жалпысынан жыйырмадай чет элдик жана жергиликтүү тасмалар ат салышат. Жыйынтык 15-июнда чыгат. Бул ирет кинофестиваль Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды.
10-июнда Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бейтаптын да, донордун да абалы туруктуу. Тогуз саатка созулган операцияга жергиликтүү жана түркиялык дарыгерлер катышкан.
“Биз, Асман, Байрактар жана искусство” дал ушундай аталыштагы көргөзмө Бишкектин чет жакасындагы Күн-Туу айылындагы Төлөн музейинде башталды. Анда азыркы доордогу экстремизм жана тоталитаризм, адамзаттын өзгөрүп бараткан баалуулуктарын чагылдырган ондогон эмгектер коюлду.
Белгилүү акын, “Азаттыктын” журналисти Бурулкан Сарыгулованын Бишкекте адабий-чыгармачыл кечеси болуп өттү. Саамалыкта акындын үч китебинин бет ачары болду. “Мендеги мезгил”, “Уютку кеп”, түрк тилиндеги “Жолдогу ойлор” китептери окурман журтуна сунушталды.
Дагы жүктөңүз