"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору.
Бишкектеги өткөн апта соңундагы башаламандыктардан кийин чет жерлик студенттер өлкөдөн чыгып кетүүдө. Ал тапта бир нече тигүү цехи чет өлкөдөн келип иштеп жаткан жумушчулары да чыгып кетип, иш токтоп калганын айтып чыкты.
Бишкекте 18-майга караган түнкү зордук-зомбулукта жабыркаган пакистандык айрым студенттер өз мекенине кайтып жатат. Жатаканаларда жашагандар коопсуздугунан чочулап турганын айтышты. VIP хостелге кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү барып, окуя тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазаланарын убада кылышты.
Бишкекте таанымал акын, журналист жана публицист Жолдошбек Зарлыкбековду замандаштары эскеришти. Акын өзүнө чыгармачыл талапты бийик койгон, поэзияда өз чыйыры бар талант экенин айтышты. Жолдошбеков көзү тирүүсүндө бир да ыр китебин чыгарууга үлгүргөн эмес.
Улуттук “Манас” театры жаңы имаратка ээ болду. Имаратта 300 орундуу концерттик зал бар. “Манас” театры мындан үч жыл мурун тузүлүп, байыртан келаткан төкмөлүк, манасчылык, дастанчылык өнөрдү аркалагандардын башын кошкон. Буга чейин алардын өзүнчө өнөрканасы болгон эмес.
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 12-апрелден бери "Жамийла" улуттук мюзикли коюлуп жатат. Сүйүүнү жана эркиндикти даңазалаган чыгарма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун повестинин негизинде даярдалган. Музыкалуу спектакль бүгүн 17-апрелде коюлуп, жыйынтыкталат.
Жүрүм-турумду коррекциялоочу борбор аутист, тили чыкпай же психомоторикалык өнүгүүсү кечеңдеген балдар менен иш алып барат. Азыркы тапта түрдүү ыкма менен сабак алып жаткан балдар да, кезек күтүп жаткандар дагы көп. Муну атайын борбордун окутуучулары маалымдашты.
Орусиянын Оренбург шаарында суу ташкынга байланыштуу абал оор бойдон калууда.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев камактагы экс-бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай акча алынарын билдирди. Мындан тышкары Камчыбек Көлбаевдин мүлкү боюнча да иш жүрүп атканын билдирди. Ошондой эле саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишине да токтолду.
Кыргызстанда алгач ирет кёрлинг боюнча өлкө чемпионаты өттү. Кёрлингдин mixed double түрүнөн өткөн мелдешке төрт команда катышты. Кыргызстанда спорттун бул түрү менен 2016-жылдан тарта машыга башташкан. Өлкөдө кёрлинг менен 40ка жакын спортчу машыгат.
Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания Кубогу өтүп жатат. Мелдешке Кыргызстандын, Ирандын, Индиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Филиппиндин курама командалары катышууда.
Кара-Балта шаарында күч органдарынын операциясы учурунда качып кеткендер милиция кызматкерлери экенин жергиликтүү басылмалар жазды. Алар качып баратып белги коюлган акчаны көчөгө чачып ийгенин күбөлөр айтып берди. Окуя боюнча расмий маалымат бериле элек.