Аялды кордоп жатса билмексен болбоңуз
Кыргызстанда 2020-жылдын жарымында эле 2019 зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 65% көп экенин ИИМ билдирди.
COVID-19 пандемиясына байланыштуу карантин маалында үй-бүлөлөрдө аялдар кабылган зомбулуктун көрсөткүчү да дээрлик 70% өскөнү расмий маалымдалган.
Гендердик зомбулукка каршы өнөктүк Кыргызстанда 25-ноябрда башталды. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы 16 күндүк агартуу өнөктүгү Бириккен Улуттар Уюмунун демилгеси менен дүйнөдө жыл сайын өткөрүлүп келет.
Аялдарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу өнөктүгү 25-ноябрдан 10-декабрга – Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө чейин созулат.
Адистер 112 же 102 номуруна зомбулукка кабылган аялдар гана эмес, кыз-келиндер кордолгон окуядан кабардар бардык адамдар кайрылышы керектигин белгилешет.
Эскертмени «Айкын багыт» коомдук фонду «Коопсуз үй» маалымат өнөктүгүнүн алкагында USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосу аркылуу иштеп чыккан.