“Чек арасыз кабарчылар” уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялады. Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орун илинди. Буга чейин Amnesty International Борбор Азияда ЖМК катуу кысымга кабылганын жарыялаган.
Орусия Украинага журналист Виктория Рощинанын сөөгүн кайтарып берди. Денеде кыйноонун тактары калганын, айрым органдары жок экенин "Украинская правда", "Важные истории" жана француз журналисттеринин Forbidden Stories концорциуму баштаган ондогон медиалардын иликтөөсүндө айтылат.
Эл аралык мунапыс (Amnesty International) уюмунун Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баянмадасы 29-апрелде жарык көрдү. Анда 2024-жыл Борбор Азиядагы адам укуктары жаатындагы абал дагы оор сыноого кептелгени белгиленген.
"Маариф" (мурдагы "Сапат") фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда динияты Фетхулла Гүлендин кыймылынан улам кармалганы ачыкка чыкты.
Тышкы иштер министрлиги “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун лицейинин окутуучусу Азамат Нурмат уулу Түркияда кармалганын ырастады. Буга чейин жакындары ал Стамбулда кармалгандан бери дайынсыз экенин айтып бийликке кайрылган. Айрым депутаттар муну сындап, мугалимди алып келүүнү талап кылууда.
Бишкектин тургуну Европага окууга кеткенде мурдагы күйөөсү балдарын уруп-сокконун айтып чыгып, укугун коргоону сурады. Ал уул-кызы менен байланыша албай койгондон кийин окуусу бүтө электе кайтып келүүгө аргасыз болгон.
Акыйкатчы институту 18ге чыга элек кыздардын турмушка чыккан же ошого мажбурлаган учурлары көп кездешип жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 21-апрелде БАЭден кармалып келген активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов)бөгөт чарасын карап, аны 19-майга чейин камакта калтырды. УКМК дээрлик 10 күндөн бери дайыны билинбей жаткан активист 19-апрелде Кыргызстанга жеткирилгенин ырастаган.
Жарандык активист, укук коргоочу Рита Карасартова 12-майга чейин камалды. Мындай чечимди Свердлов райондук сотунун судьясы 17-апрелге караган түнү кабыл алганын "Азаттыктын" жеринде жүргөн кабарчысы Айбек Бийбосунов билдирди.
Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда жазасын өтөп жаткан 35 жаштагы Адилет Тилек уулу каза болгонун жакындары айтып чыгышты. Жазаларды аткаруу кызматы түзөтүү мекемелеринде эки киши каза болгонун ырастап, аларды бири аталган жаран жүрөк оорудан улам каза болгонун билдирди.
Жогорку Кеңеш 10-апрелде интернетке жарыяланган жалган маалымат үчүн айып салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке ылайык, жалган маалымат боюнча түшкөн арыздын негизинде милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүп, сотко өткөрүп берет.
Социалдык тармактарга Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен академиянын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тарады.
Дагы жүктөңүз