Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвага барбай турган болду

Илхам Алиев.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвада Жеңиш күнүндө өтөт турган иш-чарага катышпайт. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди.

"Тилекке каршы, Алиев келбей турган болду. Ал Гейдар Алиевге арналган иш-чараларга катышары кабарланды", - Ушаков.

Бир күн мурун орус президентинин жардамчысы Москвада 9-майда өтө турган парадга 29 өлкөнүн президенти катышарын, арасында Илхам Алиев бар экенин айткан.

Кремлдин маалыматына караганда, Кытайдын лидери Си Цзинпин Москвага келди. Сербиянын президенти Александр Вучич да барганы кабарланды.

25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясынын Бакудан Грозныйга бараткан учагы кырсыкка учураган. Азербайжандын бийлиги лайнер Грозныйга отурар маалда орусиялык ракетадан коргонуу системасынын аткылоосуна кабылганын билдирген. Жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына бет алууга аргасыз болуп, ошол жакта кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы аман калган.

Учактын “кара кутулары” Embraer-190 лайнери чыгарылган Бразилияга жиберилген. Январдын ортосунда алардагы маалыматтар Казакстанга кайтарылган.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Орусия кырсыкка чымчыктар же газ баллонунун жарылышы алып келди деп чындыкты жашырууга аракеттенгенин айтып, каргашага орус тарапты айыптаган. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылган, учак Орусиянын аймагында аткылоого кабылган деп жабыркагандарга Кремлден кенемте сураган.

Орусиянын бийлиги кырсыктын себептери жана өздөрүнүн жоопкерчилиги тууралуу расмий билдирүү жасаган эмес. Президент Владимир Путин окуя орус аба мейкиндигинде болгону үчүн Илхам Алиевден кечирим сураган.

Орус бийлигинин айрым өкүлдөрү Чеченстандын башкалаасы жана бир катар шаарлар лайнер конор алдында Украинанын дрон чабуулуна туш болгонун, абадан коргонуу системасы иштеп жатканын маалымдаган.

Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 80 жылдыгы белгиленет. Адаттагыдай бул ирет дагы Москванын Кызыл аянтында Жеңиш күнүнө арналган аскердик парад өтөт. Майрамдык иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлери жана Орусиянын бир катар өнөктөш өлкөлөрүнүн башчылары катышары күтүлүүдө.

Владимир Путин Жеңиш күнүнө байланыштуу Украинадагы ок атышуу үч күнгө токтотуларын жарыялаган. Украин лидери Владимир Зеленский Кремлдин бул чечимин “шылдың” катары мүнөздөп, ок атышууну жок дегенде 30 күнгө эч кандай шартсыз токтотууну сунуштаган.

Соңку үч күн катары менен Москва шаары жана облусу дрон чабуулдарына туш болду. (AiA)

Дагы караңыз

Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим менен адвокат жолугуп чыкты"Манас" аэропорту Москвага авиакаттамдар убактылуу токтотулганын билдирдиБишкек-Москва аба каттамы жанданды