7-майга караган түнү Индия Кашмирдин Пакистанга караган аймактарына ракета жана артиллериялык чабуулун баштап, "Синдур" деп аталган кампаниясынын алкагында тогуз жайды бутага алганын жарыялады.
"Индиянын куралдуу күчтөрү террористтик лагерлерге сокку урду. Пакистандын бир дагы аскердик объектиси жабыркаган жок", - деп белгиледи расмий Дели.
Пакистан армиясынын өкүлү чабуулга кабылган жерлерде үч киши мерт кетип, дагы 12 адам жараат алганын билдирди. Кийинчерээк Исламадан сегиз киши каза таап, 35и жараат алганын, экөө дайынсыз экенин тактады.
Пакистандын коргоо министри Хавижа Мухаммад Асиф соккуга кабылган жайлардын баары - аскердик эмес объектилер экенин, расмий Исламабад Индияга татыктуу жооп кайтарарын убада кылды.
Ага удаа эле пакистандык маалымат каражаттары Сринагар шаарындагы индиялык аскердик базага чабуул коюлганын кабарлашты. Кашмир чөлкөмүнүн Пакистанга караштуу айрым райондорунда жарылуу болуп, жергиликтүү эл электрсиз калганы маалымдалды.