Президент Садыр Жапаров 5-май – Конституция күнүнө карата билдирүү жолдоду. Анда өлкө учурда “Конституциянын деми менен башкарууда, экономикада, жарандарды колдоодо, бардык тармактарда жаңы ыкмаларды киргизүү аркылуу жаңы илим-билимге, алдыңкы технологияларга жана тажрыйбага умтулуу үстүндө” экени жазылган.
“Ар жыл сайын Конституция күнү ар иште калыс, өнүгүп-өскөн Кыргызстанды куруу үчүн ар бир кадамдын, ар бир чечимдин маанилүүлүгүн эске салып турсун. Баш мыйзамыбыз чечим кабыл алууда ойлогон оюбузда ар дайым багыт берүүчү алтын казыгыбыз болсун”, - деп жазылган Жапаровдун билдирүүсүндө.
СССР урагандан кийин эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Бул аралыкта Конституция бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде болгон. Ага шайлоочулардын 36,66% катышып, алардын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдогон. Ошентип Кыргызстанда президенттик башкаруу системасы киргизилген. Ага чейин парламенттик-президенттик башкаруу болгон.
Дагы караңыз
Бишкекте мектепте чыккан өрт өчүрүлдүПрага: Зеленский Москвага басымды күчөтүүгө чакырды Аба ырайы: Ысык-Көлдөн башка аймактарда күн ачык болотУкраин аскерлери орусиялык Су-30ду деңизден атып түшүрдү(