Бишкекте мектепте чыккан өрт өчүрүлдү

ӨКМ тараткан видеодон алынган сүрөт.

4-майдын кечинде Бишкек шаарындагы №63 мектептен чыккан өрт саат 20:30да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктан жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын 100 чарчы метр аянты күйгөн.

Айрым басылмалар өрт №63 мектептен чыкканын жазышты.

ӨКМдин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 3 148 өрт кырсыгы катталып, андан 47 адам каза болгон. Алардын ичинен жетөө балдар. 2023-жылы баш-аягы 3 498 өрт кырсыгы катталып, 35 адам каза таап, 31 киши жаракат алган.

Дагы караңыз

Прага: Зеленский Москвага басымды күчөтүүгө чакырды Аба ырайы: Ысык-Көлдөн башка аймактарда күн ачык болотУкраин аскерлери орусиялык Су-30ду деңизден атып түшүрдүОрусияда курулушта иштеп жаткан үч кыргызстандык уранды басып каза болду