Фрунзе шаарынын архивде калган жана азыркы Бишкектин сүрөттөрүнөн жасалган бул коллаждан Кыргызстандан борбору ондогон жылдар мурун кандай болгонун бир эстеп коюңуз. Балким бул кадрлар сизге таптакыр белгисиз, же өтө эле жакын сезилер... (Архивдик сүрөттөр http://frunze-bishkek.kg/ сайтынан алынды. Азыркы Бишкектин сүрөттөрүн кабарчыбыз Мирлан Токталиев тартып келди).
Эски-жаңы альбом: Фрунзе-Бишкек

1
Фрунзе-Бишкек. "Россия" кинотеатры.

2
Фрунзе-Бишкек. Шаардын түштүк дарбазасы.

3
Фрунзе-Бишкек. Чыгыш (эски) автовокзалы.

4
Фрунзе-Бишкек. Мурдагы Конституциялык Соттун имараты.

5
Фрунзе-Бишкек. Мурдагы политехникалык техникумдун имараты азыр Кыргызстан эл аралык университетинин бир корпусу.

6
Фрунзе-Бишкек. Качандыр бир кезде бул жерде балмуздак, суусундуктар сатылган. Азыр ал чакан кафе-караоке.

7
Фрунзе-Бишкек. Панфилов паркынын башкы дарбазасы.

8
Фрунзе-Бишкек. Опера жана балет театры.

9
Фрунзе-Бишкек. Жаш гвардия бульварындагы эстелик.

10
Фрунзе-Бишкек. "Манас" кинотеатры.

11
Фрунзе-Бишкек. "Ала-Тоо" мейманканасы азыр иштебейт.

12
Фрунзе-Бишкек. Шаардык аткаруу комитетинин имараты, азыркы мэрия.

13
Фрунзе-Бишкек. Эски аянттагы Өкмөт үйү.

14
Фрунзе-Бишкек. "Жалал-Абад" чайканасы.

15
Фрунзе-Бишкек. "Ала-Тоо" кинотеатры.

16
Фрунзе-Бишкек. Илимдер Академиясы.

17
Фрунзе-Бишкек. Борбор Азиядагы Америка университети, мурда бул имаратта Кыргыз ССРинин Жогорку Совети жана башка өкмөттүк мекемелер турган.

18
Фрунзе-Бишкек. Мурдагы "Кыргызстан" мейманканасы, азыркы - Hyatt Regency Bishkek Hotel