Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

Түз ободо Киевге дрондор чабуул койду, ондой адам жабыркады

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

21:50 4.5.2025

Украинанын Коргоо министрлигинин башкы чалгын кызматы 2-майда орусиялык кыргын салуучу Су-30ду Кара деңиздеги экипажы жок "Магура" катерине орнотулган зениттик жабдык менен атып түшүргөнүн билдирди.

Новороссийск портунан анча алыс эмес жерде Орусиянын Кара деңиз флоту жайгашкан. 3-майда украиналык аскерлер Краснодар крайына учкучсуз учактар менен чабуул койгон.

Мекеменин Телеграм-каналына илинген видеодо орусиялык учактын кыйрашы тартылган. Талкаланган учактын баасы 50 млн доллар турат.

Билдирүүдө "бул деңиз дрону менен дүйнөдө аскердик учакты биринчи жолу жок кылуу" экени жазылган. Муну менен катар мекеме 2024-жылы 31-декабрда украиндердин чалгын кызматы орусиялык Ми-8 эки тик учагын деңиз дрону менен талкалаганын эске салган. Орусиялык расмий булактар анда бир гана тик учак жок кылынганын айтышкан.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул боюнча маалымат бере элек. Бирок орусиялык аскердик Телеграм-каналдар Су-30 деңиз дрону менен атылганын моюнга алышты. "Рыбарь" Телеграм-каналы кыргын салуучу учак Новороссийскиден 50 чакырым алыс жерде атылганын жазды. Алардын билдиришинче, экипаж өзүн куткарууга жетишип, аларды жарандык суучулдар куткарып калган. Украинаны жактаган "Крым шамалы" каналы учкучтарды Панаманын желеги менен жүргөн "Виктория Форчун" кемеси куткарып калганын билдирди.

14:03 4.5.2025

Киев 4-майга караган түнү орусиялык дрондордун чабуулуна кабылды. Украин борборунун үч районунда - Оболонь, Святошин жана Шевченковдо үйлөр кыйрап, өрт чыкты. Мамлекеттик кызматтардын акыркы маалыматында 11 адам, анын ичинде эки бала жабыр тартты.

Оболонск районунда учкучсуз учак тийген үйдүн 12-кабатында өрт чыкты. Андан тышкары Киевде жеке үйлөр жана автомобилдер өрттөндү. Dream Town соода үйүнө зыян келтирилди.

Учкучсуз учактардын чабуулуна Черкассы шаары дагы кабылды. Бийликтердин маалыматында шаарда беш өрт чыгып, анын ичинде жеке турак үй да күйүп кетти. Кампага зыян келтирилип, бир адам жабыркады.

Украинанын аскер аба күчтөр орусиялыктар учурган 165 дрондун жарымы атып түшүрүлдү, жарымы бутага тийбей калган.

Харьков облусундагы аткылоо жана авиасоккунун натыйжасында бир адам каза тапкан. Дагы үчөө Донецк жана Запорожье облусунда каза тапкан. Орусиялык аскерлер кырдаал тууралуу маалымат бере элек.


18:41 3.5.2025

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын лидери Владимира Путиндин Жеңиш майрамын белгилөөгө байланыштуу үч күнгө жарашуу сунушун четке какты.

Зеленский Путиндин идеясын "изоляциядан чыгууга атмосфера" түзүү үчүн "театралдык оюн" деп атады. Украинанын президенти ок атышууну 30 күнгө токтотууну талап кылууда.

"Ок атышууну талап койбой токтотуу америкалыктар сунуштаган үлгү. Биз ошону кармануудабыз. Ушул датабы же башкабы эрте болгону жакшы. Эмнеге 30 күнгө токтотуу керек? Анткени үч, беш, жети күндө бир нерсени макулдашуу мүмкүн эмес", - деген Зеленскийдин сөзүн "Интерфакс-Украина" жарыялады.

Украин лидери журналисттерге АКШ президенти Дональд Трамп менен Ватиканда жолукканын да айтып берген. "Биздин командабыздын урматына айтып коеюн, менин көз карашымда тет-а-тет форматы иштеди. Бизде бул сүйлөшүү үчүн туура атмосфера болду", - деген Зеленский. Анын айтымында, бул жолугушуудан кийин Трамп ага "саал башкача карай баштаган".

Зеленский менен Трамп 26-апрелде Рим папасы Францискти акыркы сапарга узатуу үчүн барганда сүйлөшкөн. Бул лидерлердин 28-февралдагы Ак үйдөгү кайым айтышуусунан кийинки биринчи жолугушуу болгон.

Зеленский менен Ватиканда жолуккандан кийин Трамп орус президенти Владимир Путинди ок атышууну токтоткусу келбегени үчүн сындаган.

15:52 3.5.2025

Орусиянын армиясы 3-майга караган түнү Харьковду дрондор менен аткылады.

Акыркы маалыматта соккудан 51 киши жараат алганы, анын экөө балдар экени кабарланды.

Украина тарап түнү шаардын Основянск, Слободск, Салтов жана Киев райондоруна 15тей дрон менен сокку урулганын, дрондордун калдыктары түшкөн ондон ашык жерде өрт чыкканын билдирди. Бир нече турак жай, окуу жайлар, дүкөндөр талкаланганын кабарлады.

Украин президенти Владимир Зеленский Орусияны катаал санкциялар гана токтоторун айтты.




Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG