АКШ Орусиянын жаратылыш ресурстарына 500% төлөм киргизүү ниетин билдирди. Эгер бул максат ишке ашса, Орусияга кандай таасир этет?
“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун сөз эркиндиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 24 баскычка артка кетти. Запорожьеде орус армиясынын соккусунан 30 чакты киши жабыркады.
Запорожьеде бейшембинин кечинде орус армиясынын бир нече соккусунан 30 чакты киши жабыркады. Жергиликтүү бийлик бутага шаардын жарандык инфраструктурасы алынганын билдирди.
30-апрелде жана бейшембиге караган түнү Орусиянын армиясы Украинанын кеминде 11 облусуна дрон менен сокку урганын жергиликтүү бийликтер билдирди. Маалыматка караганда, Одесса шаарында эки киши набыт болду. Ошол эле күнү Вашингтон менен Киев минералдык ресурстар боюнча келишимге кол койду.
Бишкектин 1-Май райондук соту Боршайком мандатынан ажыраткан Султанбай Айжигитовду жана анын аялы - Гүлзат Жолдошованын бөгөт чарасын карап, үй камагына алды. Айжигитов атайын кызмат тапкан айыпты "саясий куугунтук" деп баалаган.
Орусия Украинага журналист Виктория Рощинанын сөөгүн кайтарып берди. Денеде кыйноонун тактары калганын, айрым органдары жок экенин "Украинская правда", "Важные истории" жана француз журналисттеринин Forbidden Stories концорциуму баштаган ондогон медиалардын иликтөөсүндө айтылат.
"Маариф" мурдагы "Сапат" фондуна караган лицейдин мугалими Азамат Нурмат уулу Түркияда диниятчы Фетхулла Гүлендин "кыймылына байланышы бар" делген негизде кармалганы маалым болду.
Түндүк Корея аскерлери Украинага каршы согушуна аралашканын расмий ырастады. Президент Трамп Путинден Украинага сокку урууну токтотуп, тынчтыкка жетүүнү талап кылды. Прокуратура “Апрель” телеканалынын ишмердигин токтотууну өтүнүп, сотко кайрылды.
Расмий Пхеньян алгачкы жолу түндүк кореялык аскерлер Украинага каршы согушка аралашканын ырастады. Орус президенти Владимир Путин аларга Курск облусун бошотуудагы салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Жума күнү Украинанын Павлоград шаарында орус күчтөрүнүн соккусунан үч адамдын өмүрү кыйылды. Сегизи жаракат алды. Орусиянын бир күн мурда Киевди бутага алган чабуулунан каза тапкандардын саны 12 кишиге жетти.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакуновду кабыл алганы кабарланды. Алар Ошто “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган төрт адам тууралуу сөз кылганы маалым болду.
Ал арада Орусиянын Украинадагы согушун токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыга элек. Орус күчтөрүнүн Киевди бутага алган соңку ракеталык жана дрон чабуулунан тогуз адамдын өмүрү кыйылды.
Дагы жүктөңүз