Орусиянын Казан жана Нижнекамск аэропорттору коопсуздукка байланыштуу убактылуу жабылганын Росавиация жарыялады.
Түндө дрон чабуулуна байланыштуу жабылган аэропорттор акырындап ачылып жатканы кабарланды. Москванын аба майдандары, Волгоград, Самара, Иванов, Калуга, Нижний Новгород жана Ярославль шаарларында аэропорттордун ишине киргизилген чектөө алынганы айтылды.
5-майдан 6-майга оогон түнү Орусия украиндердин дрон чабуулуна кабылганын билдирген.
Ага чейин Орусиянын армиясы Украинанын аймактарына жапырт сокку урган.
Харьковдо 6-майга караган түнү Орусиянын дрон чабуулунда эки киши жараат алганын шаардын мэри Игорь Терехов Телеграмга жазды.
Терехов чабуул эки саатка созулганын, шаардын төрт району бутага алынганын билдирди.
Соккунун кесепетинен Харьковдогу чоң базарлардын биринде өрт чыккан.
5-майга караган түнү Москва облусунун Подольск шаарына жакын жерде төрт дрон атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Телеграм-каналына жазды.
Мэр жабыркагандар жана кыйроо жоктугун жазды.
Подольск Москванын түштүк тарабына жакын жайгашкан шаар. Абадан коргонуу системаларынын интерактивдүү картасынан көрүнүп тургандай шаар туш тараптан "Панцирь" зениттик-ракеталык коргонуу комплекси менен курчалган.
Орусиянын Коргоо министрлиги да Москва облусуна өткөн түнү учурулган төрт дрон тууралуу расмий кабар таратты.
Украина бул тууралуу комментарий бере элек. Өткөн түндөрү украиндердин учкучсуз аппараттары аннексияланган Крымдагы, Краснодар крайындагы жайларды бутага алганы маалым болгон.
Москва облусуна буга чейин март айында да дрон менен чабуул болгону кабарланган.
Орусиянын Коргоо министрлиги 4-майдын кечинде өлкө аймагы боюнча 26 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Министрликтин маалыматында, 17 дрон Брянск облусунун аймагынан, бешөө Калугадан атып түшүрүлгөн.
АКШ президенти Дональд Трамп жекшембиде NBC News телеканалына курган маегинде Орусия- Украина согушун токтотуу боюнча тынчтык келишимине жетерине ишенерин айтты.
Журналист Киев менен Москванын ортосунда келишим жакынбы деп сураганда, Трамп: "Буга үмүт артам" деп жооп берди. Ал кошумчалагандай, "АКШ бул максатка жакындап калды, бирок бир тарап менен жакын, экинчи тарап менен анча жакын эмес", - деди, бирок кайсы өлкө тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.
Трамп мындай келишимге жетишүү мүмкүн болбой калышы ыктымалдыгын, анткени "жек көрүү өтө күчтүү" экенин белгиледи.
"Бул эки адамдын (ред: - байкалып тургандай, Зеленский менен Путин) бири-бирине жек көрүүсү күч. Ошондой эле айрым аскерлердин, ачык айтканда, генералдардын ортосунда да жек көрүү бар. Алар үч жылдан бери согушуп жатат", - деди Трамп.
Анан Трамптан сүйлөшүүлөрдөн качан баш тартууга аргасыз болосуз деп сурашканда, ал мындай учур "эч нерсе жасай албай турганына көзү жеткенде болорун” айтты.
4-майда NBC News телеканалына чыккан маегинде Трамп үчүнчү мөөнөткө барууга “олуттуу карабай турганын” билдирди. Бирок бара турган болсо "жетиштүү колдоо табарын" белгиледи. .
"Бул мен каалаган нерсе эмес", - деп айтты Трамп журналист Кристен Уэлкер менен болгон маекте.
АКШнын учурдагы президенти төрт жылдык жаңы мөөнөттү “сонун” өткөрүп, андан соң бийликти “идеалында бир республикачылга” тапшырууну каалай турганын айтты.
Вице-президент Жей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубионун ишин мактады. Бирок ал “ыктымал мураскор тууралуу азыр айтууга али эрте” экенин кошумчалады.