Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Кыргызстан өз жарандарына Индияга жана Пакистанга барбай коё туруу зарыл экенин эскертти


Полиция кызматкери Нью-Делинин көчөлөрүнүн биринде күзөттө. Индия, 10-май, 2025-жыл.
Полиция кызматкери Нью-Делинин көчөлөрүнүн биринде күзөттө. Индия, 10-май, 2025-жыл.

Кыргызстан өз жарандарын Индияга жана Пакистанга барбай коё турууга, ал эми бул өлкөлөрдүн аймагында жүргөн кыргызстандыктарды этият болууга кайрадан чакырды. 10-майда республиканын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалыматтык билдирүү таратты.

Анда Индия менен Пакистан ортосундагы чек арага чектеш райондордо куралдуу кагылыш тууралуу билдирүүлөр көбөйгөнү жана учурдагы кырдаал оор болгондугун эске алып, абал толук турукташканча жарандарга аталган өлкөлөргө баруудан баш тартуу туура болору белгиленди.

"Кыргызстандын аталган мамлекеттердин аймагында жүргөн жарандарына этияттык жана коопсуздук чараларын жогорку деңгээлде сактоо сунушталат. Ошондой эле авиация тармагындагы учурдагы чектөөлөргө байланыштуу транзиттик авиация аркылуу өтүү, Индия же Пакистан аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө чыгууда олуттуу кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын эске алуу белгиленет. Аба каттамдары кырдаал турукташкандан кийин гана толук калыбына келери күтүлүүдө", - деп билдирди ТИМ.

Коркунуч жаралган учурда жарандар Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылса болот:
- КР Индиядагы элчилиги: +91 95999 21779;
- КР Пакистандагы элчилиги: +92 0333 5209903.

ТИМ кыргызстандыктарды абал турукташканга чейин бул өлкөлөргө барбай турууну 7-майда да сунуштаган. Бул күнкү билдирүүсүндө мекеме Индия менен Пакистан бири-бирине чабуул коюп, эки өлкөнүн чек арасында куралдуу жаңжал башталганына тынчсыздануусун билдирген.

Өзөктүк куралы бар эки өлкөнүн тиреши ушул тапта курчуп турат. 10-майда эртең менен Пакистандын өкмөтү Индияга каршы ири аскердик операция башталганын жарыялады. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG