Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Касымалиев банк тутуму туруктуу иштеп, ыкчам өнүгүп жатканын айтты


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Геосаясий белгисиздик шартында Кыргызстандын банк сектору туруктуулугун сактап, ар кандай тышкы тобокелдиктерге каршы тура алды. Бул тууралуу 10-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Ал банк тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына байланыштуу жолдогон куттуктоосунда мындай туруктуулук банк тармагында эмгектенгендердин ырааттуу жана натыйжалуу ишинин натыйжасы экенин белгиледи.

Өкмөт башчы банк кызматкерлеринин тынымсыз эмгеги жана мыкты кесипкөйлүгү аркасында банк системасынын динамикалуу өнүгүүсү уланып жатканын, муну негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү далилдеп турганын айтып, банк секторунун жалпы активдери, кредиттик портфели жана депозиттик базасы көбөйгөнүн белгиледи.

“Технологиялык прогресс доорунда сиздердин ишиңиздердин артыкчылыктуу багыттарынын бири – накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүнү камтыган санариптик банктык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү. Климаттык жана экологиялык тобокелдиктерди эске алуу менен “жашыл экономиканы” өнүктүрүү да учурдун актуалдуу талаптарына кирет. Азыркы чакырыктар банк кызматкерлеринен прогрессивдүү мамилени, өзгөчө көндүмдөрдү жана ыкчам чечимдерди кабыл алууну талап кылат”, - деп кошумчалады Адылбек Касымалиев.

10-май Кыргызстанда банк тармагында иштегендердин кесиптик майрамы.

Улуттук банк өлкөнүн акча-кредит саясатын иштеп чыгат, аныктайт жана жүргүзөт, коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат, бирдиктүү валюта саясатын жүргүзөт. Ошону менен катар Улуттук банкка акча белгилеринин эмиссиясын жүзөгө ашыруу, төлөө системаларынын натыйжалуу иштөөсүнө көмөктөшүү, банк системасы үчүн банк операцияларын жүргүзүүнүн жана бухгалтердик эсепке алуу менен отчеттуулуктун эрежесин бекитүү милдеттери жүктөлгөн.

Кыргызстанда, быйылкы жылдын 31-мартына карата маалымат боюнча, 21 коммерциялык банк бар жана алардын 305 филиалы иштеп турат. Жыл башынан бери апрелдин соңуна чейинки аралыкта банк сектору 6 504,8 млн сом таза киреше тапты.

2022-жылы Орусия Украинага каршы согуш ачкандан кийин Евробиримдик жана АКШ бир катар санкцияларды жарыялап, алардын айрымдарынын бузулушуна тиешеси бар деп “Керемет банк”, "Капитал банк" аталган. АКШ эл аралык санкцияларды кыйгап өткөн схемаларды жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” банктар менен кызматташкан деп санкция салган “Керемет банкты” өкмөткө өткөрүү пландалып жатканын кыргыз тарап өткөн айда билдирди. Кыргыз бийлиги жергиликтүү “Капитал банк” орус ишканаларына Батыштын санкциясын кыйгап өтүүгө көмөктөшкөнү тууралуу айыптоону четке каккан. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG