Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:43

Медиа: Түндүк Корея Орусияга 15 миң эмгек мигрантын жиберген


Владимир Путин жана Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ын.
Владимир Путин жана Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ын.

Түндүк Корея Орусияга 15 миңдей эмгек мигрантын жиберген. Бул тууралуу The Wall Street Journal жана Reuters басылмалары Түштүк Кореянын чалгын кызматына шилтеме кылып жазды.

Орусиянын статистикалык маалыматтарына караганда, 2024-жылы өлкөгө кирген түндүк кореялыктардын саны былтыркыга салыштымалуу 12 эсеге өскөн.

Маалыматка караганда, алардын басымдуу бөлүгү Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагында иштейт. Орусия алардын саны жакынкы жылдары өлкөнүн ири шаарларында көбөйөрүнө үмүт кыларын жана корей жумушчулары аз акчага күнүнө 12 саат иштей турганын кошумчалашты.

Февраль айынын башында Yonhap маалымат агенттиги булактарына таянып, Пхеньян жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен улам Орусияга миңдеген мигранттарды жөнөткөнүн жазган. Орусиянын Эмгек министрлигинин маалыматында, 2030-жылга карата өлкөдө жумушчу күчүнүн жетишсиздиги 2,4 миллионго жетиши мүмкүн.

Маалыматка караганда, Орусияга кирген түндүк кореялыктардын басымдуу бөлүгү өлкөгө студенттик виза менен кирген. "Важные истории" басылмасы Чек ара кызматына шилтеме кылып, 2024-жылы Орусияга билим алуу үчүн 7800 адам келгенин билдирди. Ошол эле кезде 2024-жылдагы Орусиянын Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө түндүк кореялык 134 гана студент бар.

Пхеньяндын өзөктүк программаларын каржылоону чектөөгө багытталган санкциялардын алкагында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен Түндүк Кореянын жарандарын ишке орноштурууга тыюу салынган.

Өткөн аптада расмий Пхеньян алгачкы жолу Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы согушка аралашканын ырастаган. Түндүк Кореянын мамлекеттик KCNA агенттиги жазган маалыматка караганда, аскерлерди жөнөтүү "Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын буйругуна" жана эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге ылайык жүзөгө ашырылган.

Түндүк кореялык аскерлердин Курскидеги салгылаштарга катышып жатканы тууралуу расмий Сеул, Кошмо Штаттар, Батыш мамлекеттери жана украин бийлиги буга чейин эле кабарлаган. Москва менен Пхеньян маалыматты расмий бышыктаган да, четке каккан да эмес.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы түндүк кореялык контингенттин саны 10 миңден ашканын жана 600дөй аскер каза болуп, дагы миңдегени ар кандай жараат алганын билдирген.

Бирок бул жоготуулар боюнча көз карандысыз ырастоолор жок. Январь айынын башында украин аскерлери түндүк кореялык эки жоокер туткунга түшкөнүн жарыялаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG