Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:51

Орусиядагы жол кырсыктан эки кыргызстандык каза болду


Орусиянын Тула облусундагы аварияда төрт адам мүрт кетти. Алардын экөө - кыргыз жарандары.

Жол кырсыгы 23-сентябрда П-22 "Каспий" трассасында болгонун Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Көз жумган кыргызстандыктардын бири 35 жаштагы эркек, экинчиси 34 жаштагы аял.

Орусиянын тийиштүү органдары кылмыш ишин козгоп, авариянын себеби иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG