Соодагерлердин айтымында, мал быйыл арзан болуп жатат. Кой, эчкинин баасы үч миң сомдон башталса, уйлардын эттүү, сүттүүсү 55 миң сомго чейин сатылып жатат. Базардагы эң кымбат мал - жылкынын баасы 200 миң сомго жетет.
Мал базардын соодасы кызыды
Бодо мал жайлоодон түшүп, базар жанданды. Күз аш-тойдун мезгили болгондуктан Кара-Балтадагы мал базарда соода кызыган учур.

1
Жентек тойго союлчу бул кой беш миң сомго сатылды.

2
Кара-Балта мал базары жекшемби күнү иштейт.

3
Той-аштын мезгилинде мал базарга агылган элдин аягы көрүнбөйт. Айрыкча кой, козуларга суроо-талап жогору.

4
Эс алуу күнү болгондуктан базардан окуучуларды да көрүүгө болот.

5
Мал-жандыктын жашы тиштеринен билинет.

6
Мал алып, аны кайра сатуу өзүнчө эле чоң бизнес. Эми бул койлорду Нарындын базарларында сатышат.

7
12 баш кунаажынды сатыкка алып чыккан Арзыкул Турганбаевдин соодасы кызып жаткан чагы. Ал беш кунаажынын 25-29-30 миң сомго сатууда.

8
"Чыгымына чыдаган той кылат, өлүмүнө чыдаган мал багат" (Кыргыз эл макалы).

9
Жылкы базардагы эң кымбат жаныбар. Жашына, турпатына жараша бааланат. Эң арзаны 60 миң сом болсо, табына келген аттар 200 миң сомго чейин жетет.

10
Сатып жаткан малын мактап, мыкты сапаттарын көрсөтө алган сатуучунун соодасы эч токтобойт.

11
Базардагы жалгыз эшек 1 500 сомго сатылды. Жаңы ээси бул тайкарды араң издеп тапканын, эшектердин саны өлкөдө кескин азайып кеткенин байкаганын айтты.

12
"Мото такси" кой, эчки, козу, музоолорду шаар ичинде 100 сомго жеткирип берет.

13

14

15
"Ак торпок кымбат сатылса экен...". Сүрөттөгү бала торпок сатылса, жаңы бут кийим алып, кышкыга көмүр камдай турганын айтып отурат.

16

17
Кардар күткөн аталар.

18
Табына келген ат (оңдо) 200 миң сомго бааланып жатат. Улакчы жигит атты базарда эле чаптырып, сынап көрдү.

19
Көкбөрүгө чабылчу бул аттын баасы 100 миң сом. Ээси атын Суусамырдан алып келген.

20
Жылкыдан кийин эле баасы кымбат мал - өгүз.