Соодагерлердин айтымында, мал быйыл арзан болуп жатат. Кой, эчкинин баасы үч миң сомдон башталса, уйлардын эттүү, сүттүүсү 55 миң сомго чейин сатылып жатат. Базардагы эң кымбат мал - жылкынын баасы 200 миң сомго жетет.
Мал базардын соодасы кызыды
Бодо мал жайлоодон түшүп, базар жанданды. Күз аш-тойдун мезгили болгондуктан Кара-Балтадагы мал базарда соода кызыган учур.

21
Нурлан Алкожоев саан уюн 35 миң сомго сатпай, үйүнө алып кетип жатат. "Арзан саткандан көрө, саап, сүтүн ичкен жакшы", - дейт ал.

22

23
Соодасы болбой чарчаган сатуучу.

24
Сатыкка келген добо мал базарга жык-жыйма толгон. Малын саткандар көбүнчө Чүй, Таластан келишет.

25