Бишкекте 6-октябрда рок сүйүүчүлөрү үчүн "Kuturgan Fest 2" фестивалы өттү.
Экинчи жолу өткөн бул фестивалда кыргызстандык, казакстандык рок топторунан тышкары венгриялык легендарлуу рок тобу EKTOMORF катышты.
1
2Фестивалдын күйөрмандары венгриялык EKTOMORF тобун чыдамсыздык менен күтүп жатышкан. EKTOMORF Кыргызстанга биринчи жолу келди.
325 жылдык тарыхы бар рок тобу бул аралыкта 16 альбом чыгарып, "Wacken", "Summer Breeze" өндүү ири рок аянтчаларында талантын тартуулаган. Анын мүчөлөрү грув-метал, нью-метал жана улуттук цыган музыкасын ойношот.
4Фестивалга венгриялык топтон тышкары Кыргызстандын "Kashgar", "The Last Day Of Silence" жана Алматыдан "Zarraza" топтору катышты. Алар буга чейин эле Бишкекте өткөрүлчү рок кечелерине катышып келишкен.
5Казакстандык "Zarraza" тобунун гитаристи. Аталган топ тууралуу белгилүү "Metal Hammer" рок-журналы жазып чыккан. Алардын жаңы "Necroshiva" альбомун угармандар жакшы кабыл алган.
6"Kuturgan Fest" Бишкекте экинчи ирет өтүп жатат. Бул жолу фестиваль борбордогу "Асанбай борборунда" өттү.
7
8Рок ышкыбоздору Бишкекте көп эмес. Алар бул сыяктуу фестивалдарда жылына эки-үч жолу чогулуп турушат.
9
10Рок жанрын аткаруучулар бул стиль адамдагы терс эмоцияны чыгарат деп ишенишет. Алар стереотиптердин дээрлик баарына каршы. Ошондуктан рокерлерде чачты узун кылып өстүрүү негизги шарттардын бири.
11
12EKTOMORF'дун күйөрмандары бул топ жеңил, угарманга бат жетчү чыгармаларды аткарарын айтышат. Алар топтун солисти Золтан менен чогуу ырдап жатышты.
13"Эчки мүйүз" белгиси. Рок сүйүүчүлөрү бул белги терс күчтөрдөн сактайт деп ишенишет.
14Бишкекте өтө турган рок-фестивалга адатта күйөрмандар бир канча ай мурун даярдана башташат. Алар сүйүктүү тобунун сүрөтү, аталышы түшүрүлгөн кийимдерди кийип келишкен. Айтмакчы, кара түстөгү кийим - рокерлердин айырмалуу белгиси.
15Рокерлер бири-бири менен күрөшүп, аянтчаны тегеректеп бийлешет. Муну менен алар жамандыктан алыстап, ичтеги бугун чыгарууну каалашат.
16"Kuturgan Fest 2" бул жолу үч жүздөн ашык адам келди. Билет баасы 800 сомдон 3 миң
сомго чейин жеткен.
17Рокерлер үнүн өктөм чыгарып, сезимин ичине катпай ырдашат. Алар ырдап жатканда аябай жаалдуу. Бирок күнүмдүк жашоодо сылык келишет.
18
19Дээрлик беш саатка созулган фестиваль кол тамга таратуу, фанаттар менен рокерлердин сүрөткө түшүүсү менен аяктады. Күйөрмандардын көбү көңүлдүү кетип жатканын байкадык.
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.