Кыргызстанда президенттик шайлоо өтүп жатат



Президенттикке ат салышууга жалпысынан 59 адам арыз берген, БШК анын 13үн каттаган. Талапкерлер 10-сентябрдан 13-октябрга чейин үгүт иштерин жүргүздү.

Талапкерлердин бюллетенде жайгашкан номурлары:
№1 - Эрнис Зарлыков;
№2 - Токтайым Үмөталиева;
№3 - Темир Сариев;
№4 - Улукбек Кочкоров;
№5 - Таалатбек Масадыков;
№6 - Өмүрбек Бабанов;
№7 - Арстанбек Абдылдаев;
№8 - Азимбек Бекназаров;
№9 - Сооронбай Жээнбеков;
№10 - Адахан Мадумаров;
№11 - Камчыбек Ташиев;
№12 - Арстанбек Малиев;
№13 - Бакыт Төрөбаев.




Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы №5 кесиптик лицейде жайгашкан №1209 шайлоо тилкесинде добуш берди. Андан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Турсунбеков Кыргызстандын акылман калкы алдыңкы алты жылдык келечегин өзү тандап, татыктуу талапкерди шайлап аларына ишенерин билдирди:
- Бүгүн мен өлкөгө тынчтык жана туруктуулук тилеп, башкысы Кыргызстан өнүккөн мамлекетке айланса деген үмүт менен шайлоодо добуш бердим.
Жогорку Кеңештин төрагасы Социал-демократтар партиясынын мүчөсү. Спикерликке чейин парламентте аталган фракцияны жетектеп турган.




Кыргызстанда президент алты жылга шайланат. Учурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 1-декабрда аяктайт.







