Боордош түрк эли, Түркия дегенде баарыбыздын оюбузга, эң алгач Стамбул, Анкара сыяктуу ири шаарлар же болбосо деңиз жээктериндеги курорттук аймактар келет. Европа менен Азиянын ортосунда жайгашкан Анадолунун элет-кыштагы тууралуу анчалык кабардар эмеспиз. Быйыл жай айларында Түркиянын чак ортосунда орун алган Күтахия өрөөнүн аралап, түрк айылынын жашоосу менен тааныштык.
Түркиянын кыштагынан бир элес

1
Биз барган Дерекөй айылында үч миңге жакын адам жашайт.

2
Калктын көпчүлүк бөлүгү дыйканчылык менен алектенет.

3
Жыйналган жер-жемиштерди көбүнесе кургатып, кышкыга даярдашат.

4
Жаштардын басымдуу бөлүгү Европага жана ири шаарларга миграция агымы менен кетип, айыл тургундарынын көпчүлүгүн карылар түзөт.

5
Улгайган айымдардын басымдуу бөлүгүнүн билими жок. Арасында окуп-жазганды билбегендер дагы жок эмес.

6
Айыл айымдары динге жакын келишип, шарият эрежелери менен жүрүүгө аракет кылышат.

7
Айылдагы мечиттин ички көрүнүшү.

8
Жергиликтүү имам жана анын жардамчысы түшкү намаздын алдында.

9

10
Түркиянын бардык жерлериндей эле Дерекөйдүн борборун да Мустафа Кемел Ататүрктүн айкели кооздоп турат.

11
Ар экинчи үйдө ат ордуна түрк трактору.

12
Жергиликтүүлөр бош убагынын көпчүлүк бөлүгүн чай бакчасында өткөрүшөт.

13
Чай бакчасы.

14
Дерекөй айылынын мектеби 8-класска чейин гана билим берет. Андан соң жеткинчектер билимин башка шаарча же шаарлардагы жатак мектептерде улантышат.

15

16
Ар бир үй ысык суу системасы менен жабдылган. Электр тогу кымбат болдгондуктан, бардыгы ысык сууну күн энергиясы менен иштеген батареялардын жардамы менен алышат.

17
Кышка камылга.

18
Кышкысын ушул меш үй жылытуу жана тамак жасоо үчүн колдонулат.

19
Бардык жердегидей эле жаштар мобилдик интернеттин пайдаланат.

20
Улгайган аял көр оокат менен алектенүүдө.