Казакстандын түндүгү жазгы ташкындан улам кайрадан суу астына кетүүдө. Бийликтер суу каптоодон бир канча айылды дароо куткарууга аракет кылышты, бирок айланага курулган дамбалар кармай алган жок. Эл өткөн жылдагы апаат дагы кайталанабы деп чочулап турат.
Кыргызстанда быйыл "Өлбөс полк" жүрүшү бардык шаарларда өткөнү жатат. Коңшу Казакстанда Алматыдан башка калааларда бул жүрүштү өткөрүүгө тыюу салынды.