Оштогу кооптуу ажатканалар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кара-Суу базарында бир нече жыл мурда дааратканын асты көчүп түшкөнү элдин эсинде. Өмүрдү алган бул кырсык базар ээлерине сабак болбогондой, базардагы дааратканалардын абалы азыр деле аянычтуу. Ал эми Ош шаарында ажаткана жетишсиз. Адистер бул маселе чечилмейинче, түштүк аймактагы туризмди өнүктүрүү иши аксай бере турганын ачык айтып келишет. Биз бул жолу Кыргызстандын экинчи борбору саналган Оштогу даараткана көйгөйүн ачык көргөзүүнү чечтик.