Элеттик кыздын жан сыры

Француз жазуучусу Ги де Мопассандын "Элет күндөрүнүн таржымалы" тагдыры татаал зайыптын башынан кечирген азап-тозокторуна арналган. Бактысын тапканча байкуш аял кандай кыйынчылыктарды көрбөдү, басынып-кысынып жүрүп чоң сырын жан адамга билдирбеди. Катылган сыр кези келгенде ачылат экен.

Алдоо

Роза деген алдуу-күчтүү давердес кыз колунда бар кожоюндун үй кызматын жасачу. Бирөөгө каш кайтармак турсун тике карай албаган жоош-момун, анткен менен ачуусу келсе эч кимди аябаган өжөр неме болчу. Иштен каччу эмес, кожоюндун толтура чарбасынын түйшүгүн мойнуна илип алып, кара жумушун оор дебей иштеп жүрчү. Түндүк тараптагы айылда калган апасына кожоюн урусат берсе, барып абалынан кабар алчу.

Түйшүгү түмөн жумуштан тажаганда баарын таштап ээн жерге кеткиси келет. Кусалыгын иш менен басып, кулда кулак жок, эртеден-кече оор жумуштан бошобой иштеп жүрчү. Ошондой учурлардын биринде жадыраган жаз келгенин деле сезбей калыптыр. Өлбөгөн кулга жаз келет экен. Мындайда кышкы муздак аба жылып, айлана гүл жытына оронуп кулпуруп чыга келет го. Жан-жаныбардын баарысы жанданып, бири экинчисине ыкласы артып турган күндөрдүн биринде талыкшыган денесин сергитмекке кыз сыртка чыгып үйүлгөн чөп үстүнө жата кетти. Жаздын жагымдуу илеби денесин көшүлтүп, көзү чыпталышып уйкуга карамыгып баратты.

Дагы караңыз Телефондон тапкан сүйүү жалп өчтү



"Кирпиги кирпигине өзүнөн өзү акырындык менен жабышып, жан эргиткен дем дароо көшүлтүп баратты. Көзү илинип баратып ал күтпөгөн жерден кимдир бирөө көкүрөктөн эки колдоп кучактай калганын сезди да, дароо ордунан ыргып турду. Бул шыңга бойлуу, пекардиялык келишкен жигит Жак деген кызматчы эле, ал кызга көптөн бери көз артып жүргөн. Бүгүн ал кой короодо иштеп жүргөн кыздын көлөкөгө кыңая калганын көрө коюп, демин ичине алып, дабыш билгизбей жылып келген эле, анын чачына саман уйпаланып жабышып турду.

Ал кучактайын деди эле, бирок кыз жигитти жаакка келиштире бир чапты, анткени ал тигинден чабал эмес эле. Бирок жигит митайымдык кылып, кечирим сурады. Алар жанаша олтуруп, аңгеме-дүкөн курушту. Кош айдоо мезгилинде аба ырайынын жакшы болгондугу, быйыл жыл түшүмдүү боло тургандыгы, кожоюндун жаман адам эместиги, андан кийин коңшу-колоңдор, бүт округ тууралуу, өздөрү, өздөрүнүн айылдары тууралуу айтышты, балалык чактары, узакка, мүмкүн биротоло кош айтышкан ата-энелери жөнүндө эске түшүрүштү. Ушул эскерүүлөрдөн улам кыздын муун-жүүнү бошоп, жигит болсо жанагы өзүнөн алыстаган ойго багынып, кумарлануусу бойго батпай алоолонуп, улам жакындай олтуруп, кыса баштады.

– Энемди көрө элегим көп болду, а дейбиз, бу дейбиз, бирок баары бир үйдү сагынат окшобойсуңбу, – деди кыз.

Дагы караңыз Шуру үчүн карызга баткан сулуу айым



Ал алысты тунжурай тиктеди, көз алдында аралык кыскарып, тээ алыскы түндүктүн бир жеринде кош айтып кеткен айылын элестетти".

Жак деген шумпай экөөнүн жакындашуусу күтүлгөндөй жадыраган жаз күнүнөн башталды. Тиги кыйдылык менен иши жок баёо кыздын кулагына азгырык сөздөрдү шыбырап, улам-улам карганып, жанын жеп убадаларды арбын бергени эркек тананы жанына жакындатпаган кызды акыры муютту. Байкатпай келип артынан кучактаганы үчүн шапалак жеген, анысына болбой өзүнө тартайын деп чоң муш жеп, мурду канжалады.

Мунусу ашыкча болуп калды окшойт, кыз осолдугуна уялып, тигиге үйрүлө калганда желтаман Жак эчтеке болбогондой түйшүккө бышкан селкини белден имерип кучактады. Мунусуна кыз каршылык көрсөтө албады. А бирок "үйлөнөсүңбү?" десе денеси козголуп алган желмогуз карганып кирди. Мунусу кайсы кызды кайдыгер калтырат, сүйүү дегени ушул окшойт.

Роза балбан кыз болгону менен башкалардай эле сүйгөн адамына баш кошуп, үй-бүлө кургусу келчү. Ал үчүн кара жанын карч уруп кандай жумуш болсо да иштөөгө макул эле. Күйөөсүн куштап багып, балдарды катары менен төрөп, очор-бачар үй-бүлө курганга куштар болчу.

"Жандиккени басылган соң жигит кызга бирге басып келүүнү сунуш кылды, анткени алар дагы эле жанаша олтура бере турган болсо коңшусунун чоң муштуму тийип калабы деп коркуп калган эле. Бирок кыз жигитти көчөдө жүргөнсүп колтуктап алды да, мындай деди:

– Мени сыйлай жүрсөң боло, Жак, мунуң жакшы эмес.

Жигит кайрадан актана баштады:

- Урматтабайсың деп кантип айтып жатасың, сүйүп калдым, болгону ошо.

– Демек, сен мага үйлөнөсүңбү? – деп сурады ал.

Жигит ойлонуп калды, анан кыз кандайдыр бир алысты телмире тиктеп турганда көз кырынан уурданып ага карады. Анын торсойгон жүзүнөн кызылы таамп, лакыйган төшү чыттан тигилген кофтасын тээп, эриндери көлбөөрүп албырып, жайдак моюнунан тер таамп турган. Жигит кайрадан ээликкенин сезди да, кыздын кулагына эриндерин тийгизип мындай деди:

– Үйлөнөм.

Дагы караңыз Кара мышык өч алды



Ошондо кыз жигиттин мойнунан кучактап, узакка өпкүлөп жатты, бул экөөнүн тең бүт боюн балкытып турду. Мына ушундан тартып экөөндө ашыктык азабы башталды. Алар көмүскө жерде кучакташып, ай тийген түндөрү үйүлгөн чөптүн ары жагына жашынып жолугуп жүрүштү, тамак ичип жаткан учурда мыктары орсок-терсек одоно кагылган бут кийимдери менен стол алдында бири-биринин буттарын көгөргөнчө тебелей беришчү.

Кийинчерээк Жак суугансып кетти, ал кездешүүдөн кача баштады, кыз менен сүйлөшпөй калды, жалгыздап көзмө-көз калуунун жолун издебеди. Ошондо кыз шектене баштады, сагынып-саргайды, ушундан көп өтпөй өзүнүн кош бойлуу экендигин сезди".

Роза кош бойлуу болгонун уккан соң Жак жолугуудан качып, биртопко көрүнбөй калган. Кыз кабат-кабат убада берген жигитинин көз көрүнөө оолактай баштаганын көрүп, бир түнү ачуусу келип Жак түнөчү сарайга кирип, аштоого саман салып жатып алган кайбарды кокодон алып, муунтуп коёрдо, жан керек экен, тиги тыбырчылап ийди. Жанын жеп үйлөнөм деди, эртең десе эртең эле баш кошорун айтып титиреп турду. Мурда эле ушинтсем болмок деп Роза жатар жерине кетти. Бирок тиги шумпай эртеси, андан кийин деле үйлөнбөй, из жашырып кетерин билген эмес. Бир күнү тамак ичер жерде Жактын ордуна башка бирөө отуруп калыптыр, Роза ошондон алдамчысы качып кеткенин укту.

Тырнактай бала

Бир күнү почточу таштап кеткен катты тамга тааныган бирөөгө окутса кошунасы апасы катуу ооруп, кыйын абалда жатканын, тезирээк үйүнө келишин жазыптыр. Кожоюндан уруксат алып үйүнө барган күнү ооруп жаткан апасы кайтыш болуп, дүйнөсү аңтар-теңтер болуп турганда кычашкансып толгоосу кармап жети айлык баласын төрөдү.

Арык кичинекей ылжыраган чүрпөсүн көргөндө аман калар бекен деп чочулаган. Мында да кыз жолун таап кошуналарына күйөөгө чыкканын, бирок баласын багууга шарты жогун айтып тырбыйган арык уулун кошуна аялдардын бирөөнө багып берүүгө таштап иштеген жерине келди.

Дагы караңыз Эне күткөн жаз, күлгө айланган күйүт



Жак дайынын билдирбей кеткенден кийин аялы өлүп калган кожоюндун үй жумуштарынын баарын кыз жасай турган болгон. Роза керелден-кечке тыным албай иштей берчү, анын аракетин көрүп башкалары да кенен-чонон отура албай, кожоюндун чарбасы кыйла жыйналып, жумуштар убагында бүткөрүлүп, кирешеси көбөйдү. Коңшу фермерлер Розанын иштемчилдигин айтышып, баарысы анын тыным албас мээнеткечтигин мисалга тартчу болушту. Андай кептердин шек-шоораты кожоюнга да жеткен белем же ал өзү мурдатан ойлоп жүргөнбү, бир күнү Розаны чакырып күтпөгөн сөздү айтты. Ылайык көрсө экөөбүз биргелешип түтүн булаталы деди.

Кыз мындайды чын эле күткөн эмес, макул болбоду. "Жок, болбойт" деп, кожоюндун ачуусун келтирди. Эмне айтса ошону илгиртпей жасаган кызматчысынан жок деген жооптуу уккан кожоюндун жини келип, ойлонуп келүүгө бир түн берди. Эмнени ойлонмок, жок деген жок. Кийинки жолугууда кожоюн фермада иштегендердин баарын санап чыкты, ушулардын бирөөсүнүн көңүлдөшүсүңбү деп такыды. Кыз баарына жок деп көгөрүп, жооп күткөн кожоюндун айласын кетирди. Акыры ал ыкка көнбөгөн кызды ийге келтирүүнүн башка жолун тапты.

Кожоюндун аялы болгондон кийинки шору экөөнүн бала көрбөгөнү, күйөөсүнүн ачык-тымызын нааразылыгы, эмчи-табыптарга каттап андан жолу болушпаганы, жыйынтыгында бир сырдуу күйөөсүнүн аялына кол көтөрүшү экөөнүн турмушун оорлотту. Роза буга да чыдап, тилин тишине басып, арманы күчөгөндө башка айылда өсүп жаткан уулун эстеп, өзүн сооротчу. Аялда кандай арга, байкуш эринин ачуу сөзүн угуп, таягын көтөрүп, чыдамкай жаны бул азапка деле кайыл болуп, ортодон болсо убакыт деген билинбей өтүп жатты.

Дагы караңыз Бейтааныш аялдын арзуусу



Ошондой арасат күндөрдүн биринде чыдамы түгөнгөн Роза күйөөсүнө желтаман Жактан бала төрөп, анысы сегизге чыгып калганын, экөөнүн балалуу боло албай жүрүшүнө күйөөсү күнөөлүү экенин жашырбай айтып салды. Байкуш аялдын аргасы куруп калган болчу. Күйөөсү башка бала багып алууну ойлоп жургөндө аялынын уулу чыгып калышына сүйүнүп, кубанычтан маңдайы жарылып турду.

Биртоп жыл бекем каткан сыры минтип бактысын ачарын билсе башынан эле айтып койсо канча азапты, токмокту жебей, энелик доорун сүрмөк экен. Андайга акылы жеткен эмес тура.