Украина Орусия үч күндүк тыныгуу жарыяланганына карабастан чектеш аймактарда аткылоосун улантып жатканын билдирүүдө. Өлкөнүн Улуттук полициясынын 10-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери орусиялык аскерлер Украинанын Сумы облусунун чек арага жакын жайгашкан 33 калктуу пунктун түрдүү куралдан аткылап, жалпысынан 271 жолу сокку урду.
Мунун кесепетинен бир киши каза болду, үч киши жараат алды, каза тапкан тургун 85 жаштагы аял экени кабарланды.
"19 жеке үй, 10 чарбалык жай, диний жай, дүкөн талкаланды, үч үй жарактан чыкты", - деп айтылды мекеменин маалыматында.
Сумы облустук аскердик администрациясы 9-майда орус армиясынын чабуулдарынан үч киши набыт кеткенин, төрт киши жараат алганын кабарлады.
Ал эми Донецк облусунда, жергиликтүү бийлик маалымдагандай, фронт тилкесине жакын жердеги айыл-кыштактар аткыланууда. Облустун аскердик администрация башчысы Вадим Филашкин билдиргендей, Покров районунда бир жайкын тургундун өмүрү кыйылды, Краматорск шаарында үч үй зыянга учурады. Константиновка шаарында бир киши жараат алды, үйлөр талкаланды.
Орусия тарап президенти Владимир Путин жарыялаган үч күндүк тыныгуунун шарттарын толук аткарып жатканын, ок чыгарбаганын айтууда.
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. (RK)