“Дордой” базарына жакын жерде болгон жол кырсыгынан 15 адам жабыркады

Иллюстрациялык сүрөт.

5-майда Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 19-чакырымында (“Дордой” базарына жакын жерде) болгон жол кырсыгынан 15 адам, анын ичинде үч бала жабыркады.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы билдирди. Жаракат алгандар аймактык ооруканаларга жаткырылды.

Маалыматка ылайык, жүк ташыган “Мерседес-Бенц спринтер” машинеси менен эл ташыган “Мерседес-Бенц спринтер” автоунаалары кагылышкан.

Бул факты Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам-иликтөө бөлүмүндө катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Автоунаалар айып токтотуучу жайга киргизилди.

Кыргызстанда 2025-жылдын башынан март айына чейин 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы 2000ден көп киши ар кандай жаракат алды. (BTo)

Дагы караңыз

Блогер Орозбеков улут аралык кастыкты козутууга шек саналып кармалдыИндия менен Пакистан бири-бирине аскердик чабуул койдуКыргызстан менен Ооганстандын соода жүгүртүүсү 66 млн долларга жеттиФридрих Мерц экинчи турда Германиянын канцлери болуп шайланды