Дүйшөмбү аэропортунун кызматтан алынган төрагасы камалды

Исматулло Абдуллозода, Дүйшөмбү эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы.

"Озоди" радиосу ишенимдүү булактарына таянып, буга чейин кызматынан бошотулган Дүйшөмбү эл аралык аэропортунун мурдагы төрагасы Исматулло Абдуллозода камалганын жазды.

Булактар Абдуллозоданын орун басарлары да камалганын билдиришкен. Расмий Дүйшөмбү маалыматты ырастай элек. Исматулло Абдуллозода жана анын орун басарлары ээлеген кызматынан 2-майда бошотулган.

Абдуллозоданын камалышын бир нече булак жана анын жакындары да ырастады. Алардын маалыматында, Исматулло Абдуллозодага жана анын орун басарларына 500 миллион сомонини (47 миллион доллар) кымырып алуу айыбы тагылган.

Маалыматка караганда, Тажикстандын Мамлекеттик каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги Абдуллозода жана анын орун басарына каршы иш козгогон. Иштин чоо-жайы азырынча белгисиз.

"Озоди" радиосунун мамлекеттик мекемелерден комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

Тажикстандын Дүйшөмбү эл аралык аэропортунун төрагасы Исматулло Абдуллозода жана анын орун басарлары кызматынан бошотулганы 2-майда расмий кабарланган. Коңшу өлкөнүн президенттик админстрациясы алар "каржылык текшерүүлөрдөн улам" иштен четтетилгенин жазган.

Абдуллозода бул кызматка 2016-жылдын январь айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун буйругу менен дайындалган.

2-майда тажик президентинин буйругу менен анын ордуна Зайнулло Шарифзода дайындалды. (AiA)

Дагы караңыз

Израил: Газадагы операцияга такоолдогу он миңдеген аскер чакырылдыАба ырайы: күн ачык болотМосквага дрон чабуулу болгону кабарланды