Британияда полиция Ирандын жети жаранын кармаганы кабарланды

(Архивдик сүрөт).

4-майда Британияда полиция террорчуларга каршы жүргүзүлгөн эки операция учурунда сегиз адам камакка алынганы, жети киши Ирандын жараны экени кабарланды.

"Бул акыркы жылдарда биз күбө болгон мамлекетке коркунуч келтирген эки террордук операция болду", - деди журналисттерге өлкөнүн ички иштер министри Иветт Купер.

Министр аталган операциялардын чоо-жайына токтолгон жок.

Буга чейин Лондон полициясы 3-майда террордук акт даярдап жаткан беш адам кармалганын, алардын төртөө Ирандын жараны экенин билдирген. Шаар бийлиги кармалган бешинчи кишинин жарандыгы аныктала электигин кошумчалаган.

Лондондогу дагы бир операцияда жашы 39дан 55 жашка чейинки Ирандын үч жараны кармалды. Алар Улуттук коопсуздук боюнча мыйзамдын негизинде кармалганы кабарланды.

Лондондогу Ирандын элчилиги бул тууралуу комментарий бере элек.

Кармоолор Британияда Тегеран колдогон иш-аракеттерге байланыштуу чыңалуу күчөгөн учурга туура келди.

Былтыр Британиянын ички чалгын кызматынын башчысы Кен Маккаллум британ бийлиги 2022-жылдан бери Иранга байланыштуу кооптуу 20дай иштин бети ачылганын билдирген.

Маккаллумдун айтымында, кас мамлекеттер, радикалдык уюмдар жана "Ислам мамлекети" террордук тобу биригип, "өз ара байланышкан кооптуу чөйрө" түзүшкөн.

2024-жылдын март айында иран өкмөтүн сынга алган Лондондогу медианын алып баруучусу Пурия Зераатиге кол салуу болгон. Кийин кол салууга шектелип, эки адам Румынияда кармалган.

Журналист Ирандын бийлигин сындаган көрсөтүүлөрү менен белгилүү эл аралык телеканалда иштейт. (AiA)

Дагы караңыз

Трамп NBC каналына маегинде Украинадагы ок атышууну токтотуу аракеттерине баа бердиТуризм фондунун мурдагы жетекчиси Баткен Шерниязов дүйнөдөн кайттыОрусия өткөн түнү 26 дронду атып түшүргөнүн билдирди