Туризм фондунун мурдагы жетекчиси Баткен Шерниязов дүйнөдөн кайтты

Абылкасым (Баткен) Шерниязов

Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Абылкасым (Баткен) Шерниязов 53 жашында каза болду.

Бул тууралуу анын агасы, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Шерниязов соңку учурда ооруп жүргөн.

Ал 1971-жылы Баткен облусунда туулган. Жеке ишкерлик менен алектенип жүрүп “Манас” эпосун колдоо жана жайылтуу максатында “Манас-Мурас” деген коомдук фонндду жетектеген. 2023-жылы өкмөттүн алдындагы Туризмди колдоо фондунун жетекчилигине дайындалып, бир жылга жакын иштеген. Ал 2020-жылы “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен парламент депутаттыгына ат салышкан.

Баткен Шерниязовдун сөөгү 6-майда кичи мекени Таластагы Чоң-Капка айылында жерге берилет.

Дагы караңыз

Орусия өткөн түнү 26 дронду атып түшүргөнүн билдирдиСадыр Жапаров Баш мыйзам "бардык тармакта алдыга жылууга дем болуп жатканын" билдирдиРумыниядагы шайлоо: биринчи турда Евробиримдикти сындаган Симион алдыда